II Түрк тасмаларынын жумалыгы өтүүдө

26-30-июнь күндөрү Бишкекте II Түрк тасмаларынын жумалыгы башталды. Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын кино сүйүүчүлөрү түрк кино режиссёрлорунун акыркы жылдары жараткан беш тасмасын акысыз көрө алышат. Алар «Кызыл жоолук жалжалым», «Үй-бүлө арасында», «Сыя-көк мейкиндик», «Мазарчы», «Тоо-2» тасмалары.

Мындан тышкары, түрк режиссёрлору жана актёрлорунун күйөрмандар менен жолугушуусу да мерчемделүүдө. II  Түрк  тасмалары-нын  жумалыгынын  бирин-чи күнүндө Кыргызстандагы Түркия элчилигинде журна-листтер үчүн атайын маалымат  жыйын  өткөрүлдү.  Ага Түркия Президентинин баш-кы кеңешчиси Ялчын Топчу, Орду округунун депутаты Метин Гюндогду катышты. Ошондой  эле  маалымат  жыйын түрк режиссерлору, кинопро-дюссерлери жана актерлору катышты.

Коноктордун ичинен сөз алган Ялчын Топчу: “Улуу Манас  атабыздын,  Курманжан датка энебиздин, кыргыздын паспорту саналган залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун туулган жери, Ата журтубуз деп эсептеген Кыргызстанга экинчи ирет келүүбүз биз үчүн сыймык. Биздин атыбыз башка болгону менен ата-бабаларыбыз бир. Көп кылымдар бою аралыгыбыз алыс болду. Сиздер Ата журтта калып, биз Анадолуга кеттик. Эми бири-бирибизди жакындан таанып, бир атанын баласы экенибизди түшүнүү зарыл. Ушундай иш-чаралардын өтүүсү бизди жакындатууга чоң өбөлгө берет”, – деп билдирди.

Түркия кинематография тармагы акыркы учурда көп жетишкендиктерди багынтууда. Алсак, 2017-жы-лы тартылган тасмалардын көрүүчүлөргө тартууланышы менен чогулган жалпы каражат 1 млрд. долларга жеткен. Мындан тышкары, Түркияда тартылган 150 сериал дүйнөнүн 100 өлкөсүндө көрсөтүлүп келет. Бул дагы болсо аталган өлкөнүн кино-продукцияларына болгон талапты көрсөтүп тургансыйт. Түркия тасмалары көрүмдүүлүгү боюнча дүйнөдө Голливуд тасмаларынан кийин экинчи орунда турат. Сериалдардын көбү Кыргызстанда да көрсөтүлүп, түрк тасмалары кыргыз көрүүчүлөрүн да багынтып келет. Алардын бир “Эртургул” тарыхый тасмасы. Аталган сериалдын актерлору менен жолугушуулар өтө турганы да белгилүү болду.

Жумалык Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналып, ал Тюркан Шорайдын Айтматов дун “Делбирим” повестинин негизинде тартылган “Кызыл жоолук жалжалым” тасмасы менен ачылды. Аталган иш-чара Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин салымы жана Түркиянын Кыргызстандагы  элчилигинин  колдоосу  менен Түркиянын «Жергиликтүү ой пикир коому» тарабынан уюштуруулуда. Ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жана талкуулар уюштурулуп, Кыргызстандын кинематографчылары түркиялык кесиптештери менен жолугушат.