Футбол– 2018: Абайсыз кадам, кайгыга салган оюн

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, «Кыргыз Туусу»


Россияда өтүп жаткан футбол дүйнө чемпионатында тайпалык оюндар аяктай баштады. Анда алгачкы кубанычтар менен бирге эле командалары турнир менен кош айтышкан күйөрмандардын өкүттү да болууда. Тайпалык оюндардын биринчи, экинчи айлампасында көптөгөн сенсациялар болуп өттү. Оюн талаасында болуп жаткан кызыктардан тышкары, аталган турнирде оюн талаасынан сырткары да бир топ көңүл кубанткан жана маанай түшүргөн окуялар катталбай койгон жок.

Саясатташкан футболчуларга айып салынды

22-июнь күнү Швейцария курама командасы Сербия менен кездешип, 2:1 эсебинде жеңип алган болчу. Оюн кадимкидей эле болгону менен коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Буга себеп, Швейцария курама командасынын түбү косоволук оюнчулары Джердан Шакири жана Гранит Джака гол киргизгенден кийин канатын жайган бүркүттү көрсөтүшкөн. Аталган белги Албаниянын символу болуп эсептелет. Андан тышкары Шакиринин бут кийиминде Косовонун желегинин сүрөтү болгон.

Аталган эки футболист ФИФА тарабынан айыпка тартылып, ар бири 10 миң швейцария франкын төлөөгө милдеттендирилди.

Белгилүү болгондой Сербия Косовонун көз карандысыздыгын тааныган эмес. Ал эми Албания менен Сербиянын ортосунда дал ушул Косово маселесине такалган чоң көйгөй бар.

Турнирдин алкагында айыпка жыгылгандарды Германия курама командасынын маалымат катчысы Ульриха Фойгт жана немец футболдук союзунун менеджери Георга Бехлау толуктады. Алар ФИФА тарабынан 5 миң швейцария франкын төлөөгө милдеттендирилди. Буга себеп, Швеция менен бол-гон оюндун 90 мүнөтүндө киргизилген голду майрамдоо учурунда бул экөө швециялыктардын алмашууда отурган оюнчулары тарапка туура эмес белгилерди көрсөтүп, жаңжалдын чыгуусуна себеп болушкан.

Бактыга жараша бул экөө дароо жумуштан алынып, немис тарап швециялыктардан күтүүсүз кечирим сурашканы ФИФА тарабынан эске алынып, жаза жеңилдетилген. Швеция курама командасынын капитаны Андреас Гранквист немистер өзүн туура эмес алып жүрүштү, бирок кечирим сурашты деп билдирди.

Кайгыга салган баяндамачы

Россияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатынын “А” тайпасында  Египет  менен  Сауд  Арабия  курама  командаларынын  оюнунан  кийин Египеттин «Земалек» командасынын мурдагы машыктыруучусу Абдрахим Мухаммед Негм көз жумган. Маалыматка ылайык, ал жергиликтүү телеканалдардын биринде оюнду баяндап жаткан. Оюн учурунда анын жүрөгү кармап калган. Машыктыруучу ооруканага жеткирилген, бирок тилекке каршы, аны сактап калуу мүмкүн болгон эмес.

Ашынган конокчулдукпу же арзан пиарбы?

Япония менен Сенегал оюну башталаарда эфир алып барып жаткан Бразилия телеканалынын журналисти Жулия Гимараести футбол күйөрмандарынын бири өпкөнгө аракет жасаган. Анткен менен Гимараес күйөрмандан буйтап кетип, “Бул маданиятсыздык жана туура эмес. Эч качан аялдарга мындай нерсени жасаба!”, – деп урушкан.

Мындай окуя аталган турнирдин алкагында мурда да болгон. Анда, немец телеканалынын  журналисти  Джулиет  Гонсалес Теран камерага сүйлөп жаткан кезде күйөрмандардын бири “Россия чемпион!” деп кыйкырып, журналисттин бетинен өөп кеткен болчу. Бирок журналист камерага карап сүйлөгөнүн токтоткон эмес. Кийин социалдык баракчасына “мага күч колдонуп, сексуалдык кысым жасашты” деген мааниде жазган.

Бул окуяга ар ким ар кандай көз карашта болушту. Кээ бирлер мындай жоруктарды болтурбоо керек экендигин айтышса, журналист иштеген телеканал кыздар бул кесипте кандай оорчулуктарга туш боло турганын билиши керек экендигин билдиришти. Анткен менен көпчүлүк муну кадимки тамаша катары эле баалашты.

Көзү ачык мышык Ахилл

Ар бир чемпинатта эсепти туура айткан жаныбар чыга берип таң калбай калдык өңдөнөт. Буга чейин осьминог боло турган оюндардын эсебин туура таап жаткан. Бул турнирде боло турган оюндардын жеңишти алдын-ала айтууда ийгилик жаратып жаткан Ахилл аттуу  мышык  болууда.

Жеңүүчүнү  тандоо  үчүн мышыктын алдына ойной турган эки команданын желеги түшүрүлгөн идишке тамак  салып  берет.  Мышык экөөнүн бирөөнө басып барса, ошол жеңет деп божомолдонот.

Ал Россия жана Сауд Арабия, Россия жана Египет,  Иран  жана  Марокко, Бразилия–Коста-Рика оюндарында  жаңылган эмес. Бул мышык эсепти таппаганы менен жеңишти ким ала турганын болголой алат деген божомол бар.

Буга  чейин  бул  мышык Конфедерация кубогунда да «көзү ачыктык» кылган.

Колумбиялык кыздын бактысы ачылды

Колумбия – Польша  беттешинде Сибирь мамлекеттик медакадемиясынын бүтүрүүчүсү Сергей Покидов колумбиянын жараны Руис Корреанын колун сурады.

Ал медициналык ЖОЖдун ординатору болуп эмгектенет. Кыздын колун суроо учуру колумбиялык Йери биринчи голду киргизген учурга туш келди. Аталган оюн 3-0 эсебинде колумбиялыктардын пайдасына чечилди.

Алдыга кадам жана артка карай жол

Ал эми оюндарга келсек, айрым тайпаларда үчүнчү айлампа жыйынтыкталып, кимиси алдыга карай кадам таштайт, а кимиси артка өз өлкөсүнө жол тарта турганы белгилүү боло баштады.

25-июнь  күнү  “А”  тайпасынын алдыңкылары Россия менен Уругвай беттешти. Анда уругвайлыктар Луис Суарес, Единсон Кавани бирден топ киргизип, бир топту россиялык Денис Черышев өз дарбазасына киргизип алды. Оюн 3-0 эсебинде уругвайлыктардын пайдасына яктады.

Жыйынтыгында Уругвай 9, Россия 6 упай менен 1/8 финалга аттанды.

26-июнга караган түнү Португалия Иран менен беттешти. Анда оюндун 45-мүнөтүндө Рикарду Куарежманын дарбазанын бурчуна карай багыттаган соккусу алгачкы голду алып келди. Кошумча 6 мүнөт берилип, ирандыктардын бурчтан чыгарылган тобу португалиялык оюнчунун колуна тийип, пенальти берилди. Аны Карим Ансарифард тээп, эсепти теңеди.

Бул тайпадан Испания менен Марокко да тең чыгып, 2:2 эсеби менен оюн жыйынтыкталган. Эми “В” тайпасынан Испания менен Португалия кийинки баскычка аттанат. Иран менен Марокко чемпионаттан четтейт.

26-июнда Австралия менен Перу беттешип, азиялыктар 2:0 эсеби менен жеңилүү ызасын тартты. Анда алгачкы голду Андре Карилльо 18-мүнөттө киргизсе, экинчи гол Хосе Геррерого таандык болду. Бул оюнга катар эле Дания менен Франция беттешти. Бирок алардын ону 0-0 эсеби менен аяктап, эки команда тең бирден упайга ээ болду.

Жыйынтыгында “С” тайпасынан 7 упайга ээ болгон Франция жана 5 упайы бар Дания 1/8 финалга өттү.

27-июнга караган түнү Хорватия менен Исландия беттешип, хорваттар 2-1 эсеби менен жеңишке жетти. Бул оюнга катар эле Нигерия менен Аргентинанын оюну да 2-1 эсебинде аяктады.

Тайпадан абсолюттук жеңиши болгон Хорватия, 4 упайга ээ болгон Аргентина 1/8 финалга жолдомо алды.

Сенсация. Түштүк Корея Германияны утуп алды

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын кезектеги оюндары сенсация менен коштолду. Түштүк Кореянын футболчулары Германиянын футболчуларын 2:0 эсебинде утуп алуу менен, германиялык футбол күйөрмандарын өкүнүчтө калтырды. Антип бирөөлөр күйүткө батып жатса, түштүк кореялыктардын жеңиши мексикалык футбол күйөрмандарын кубанычка батырды. Себеби, кезектеги оюн-да швециялык футболчулар 0:3 эсебинде утулуп калышкан мексикалык футболчулар плей-оффко чыгуу мүмкүндүгүн алышты. Мексика курама командасынын демөөрчүсү Estrella Jalisco кореялыктарды германия-лык команданы жеңиши менен куттуктады. “Мексикалык күйөрмандардын атынан сиздерди куттуктайбыз. Сиздер биздин үй-бүлөнүн  расмий  бөлүгүсүңөр”  делет куттуктоодо.

Ушул күнү болгон башка беттешүүлөрдүн жыйынтыгы төмөн дөгүдөй: Швейцария – Коста-Рика 2:2, Сербия – Бразилия 0:2.