Футбол-2018: Орусия чейрек финалда Хорватия менен кездешет

Орусиянын футбол курамасы 1/8 финалдык беттешинде Испанияны жеңип алды. Оюн негизги жана кошумча убакытта 1:1 менен аяктап, пенальтиде орусиялыктар 4:3 эсеби менен утту.

Эми орусиялыктар чейрек финалда 1/8 финалдык беттешинде Даниянын үстүнөн жеңишке жеткен Хорватия менен ойнойт. Бул оюнда дагы негизги жана кошумча убакыт 1:1 менен аяктап, оюндан кийинки пенальтиде хорваттар ийгиликке жетишти.

Ал эми бүгүн, 2-июль күнү, төрт команда чейрек финалга чыгуучу команданы аныктайт. Оюндар Бишкек убактысы боюнча:

— 20:00 — Бразилия — Мексика (Самара);

3-июлга караган түнү:

— 00:00 — Бельгия — Япония (Ростов-на-Дону).