Бишкек шаарындагы Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун адиси Чынара БАТРАКЕЕВА:«Алтын сертификатка» быйыл 59 бүтүрүүчү ээ болду»

– Чынара Эбышевна, Жалпы республикалык тестирлөөдөн быйыл канча адам өттү жана эң жогорку көрсөткүч канча балл болду?

– Жалпы республикалык тестирлөөнүн негизги этабы аяктады. Быйыл тестирлөө 15-майдан 19-майга чейин болуп өттү. Ал эми тестке каттоо 15-февралдан башталып 6-апрелге чейин жүргүзүлгөн. Тестирлөөгө жалпысынан 45607 адам катышты. Алардын ичинен 29075и кыргыз тилинде, 16532и орус тилинде тапшырды. Бул жыйынтыктар алдын-ала чыккан жалпы көрсөткүчтөр.

Республиканын аймактарындагы мектептерге салыштырмалуу Бишкек шаарынын окуучуларынын тест тапшыруудагы жыйынтыктары жогору. Андан кийин облус борборундагы мектепгимназиялар, лицейлердинбүтүрүүчүлөрү жогорку баллга жетишет. Бирок мындай көрсөткүчтөргө карабастан кайсы бир облусту эң мыкты деп айта албайбыз. Анткени, ар бир аймактын өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар. Быйылкы жылы тестирлөөнүн эң жогорку көрсөткүчү 237 баллды түздү. Эң жогорку баллдын негизинде 50 бүтүрүүчүгө «алтын сертификат» ыйгарылат. Бул жылы 59 бүтүрүүчүгө ыйгарылат. Себеби, 49 орун 220 балл болсо, 50-орунду 219 баллдан 10 бүтүрүүчү алгандыктан, биз аларга бербей коё албайбыз.

– Тестирлөөнүн программасында өзгөрүү болуп турабы? Быйылкы тест тапшыргандардын орточо баллы кандай болду?

– Өтө деле олуттуу өзгөрүү болбойт. Тест өзү туруктуу. Мектеп стандартындагы программа өзгөрбөгөндүктөн жылда бирдей эле деңгээлде сынак болот. Бирок, албетте жыл сайын жаңы тест тапшырмалары түзүлөт. Былтыркы жылы орточо жалпы көрсөткүч 117,8 балл болсо, быйыл 119,4 балл болду. Бул көрсөткүч тапшыруучулардын санына да, жөндөмдөрүнө да байланыштуу болот.

– Кыргыз жана орус тилдүү бүтүрүүчүлөрдүн көрсөткүчүндө айырмачылык барбы?

– Бишкек шаарында кыргыз тилдүү мектептер аз. Мыкты, сапаттуу билим берген гимназия-мектептеринде сабак орус тилинде өтөт. Орус жана кыргыз тилдүү орто окуу жайлардын орточо баллында айырма бар. Орус тилинде тест тапшыргандардын орточо баллы 128,9 болсо, кыргыз тилиндеги орточо баллдын көрсөткүчү 114 болду. Орус тилинде тест тапшыргандардын саны аз болгону менен баллы жогору. Анткени дээрлик бул мектептер борборубузда болгондуктан окуучулардын билим алуусуна бардык шарттар каралган.

– «Алтын сертификат» алгандар кандай мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат?

– Быйыл 59 бала «алтын сертификат» алат. Алар ЖОЖдорго каалаган адистик боюнча сынаксыз, конкурска катышпастан тапшырып, өз тандоосуна жараша бюджеттик же контрактык негизде билим ала алат. Жогорку балл алган таланттуу балдарды жогорку окуу жайлар өзүнө алып калганга аракеттенишет. Эгер, контракттык негизди тандаса, окуу төлөмдөрүнө 100% чейин жеңилдик берген университеттер бар. Алтын сертификаттардан сырткары негизи эле абитуриенттин алган баллы жогору болсо, өзү каалаган адистикти тандоого да көбүрөөк мүмкүнчүлүгү болот. ЖОЖдордо бюджеттик жана контрактык орундар конкурстук негизде жүргүзүлөт. Жогорку балл алган абитуриент сертификаттынайрылма талондорун ЖОЖдогу кутуга салуу аркылуу конкурска катышат.

–   Сертификатта  канча  талон болот?

– Окууга кабыл алуу 3 тур менен өткөрүлөт. Быйыл сертификаттардын айрылма талондоруна өзгөртүү киргизилди, мурунку жылы бюджет менен контрактка өзүнчө талондор болсо, быйыл 1-турга бюджетке 1 талон, контрактка 1 талон, 2-3-турларга дагы ушундай эле өлчөмдө берилет. Демек, бардыгы 6 талон бар. Буга чейинки жылдарда, эгер талону калбай калса, сертификаттын өзүн таштоо мүмкүнчүлүгү бар болчу. Быйыл андай мүмкүнчүлүк жок. Сертификаттагы 6 талонду ар кандай пайдаланса болот. Андагы талондорду бир турда бир эле окуу жайда бирин контрактка, бирин бюджетке, же эки башка университеттин адситиктерине салууга болот. Себеби бюджетке өтпөй калса, ошол эле адистикке контрактык негизде өтүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

– Эмне себептен сертификаттар ар  башка  түстө  болот?  Бул  тест тапшыруудагы программага байланыштуубу?

– ЖРТнын бардык катышуучулары бирдей шартта тест тапшырышат. Кыргызстан боюнча бир стандарттагы программа кабыл алынган. Болгону сертификат алышканда, айылдык мектептер сары, шаардык мектептер кызыл, чакан шаарларда көк болсо, тоолуу аймактарда сыя түстөгү сертификат берилет. Ушул төрт түс боюнча окууга тапшыруу үчүн талондорун салуу учурунда ар бир категория боюнча өзүнчө конкурс өткөрүлөт. Кызыл менен сары түстөгү сертификаттар бир конкурска катышпайт. Түсүнө жараша өз өзүнчө конкурс өтөт.

– Тесттин суроолору кимдер тарабынан жана кантип түзүлөт?

– ЖРТнын программасы боюнча тесттин суроолору Билимди баалоо жана окутуу усулдук борбору тарабынан түзүлөт. Биз көз карандысыз мекемебиз. Биздин ишмердүүлүгүбүзгө мамлекет каражат бөлбөйт. Өзүбүздү өзүбүз каржылайбыз. Тестке каттоо төлөмү 320 сомду түзөт. Социалдык тармактарда бир айда канчалаган адам тестке катышат, алардын ар биринен чогулган 320 сом кайда кетип жатат деген сөздөр айтылууда. Ошол бир айдын ичинде өткөрүлүп бүткөн жалпы республикалык тестирлөөгө биз жыл бою даярдык көрөбүз. Андыктан каражат дагы көп талап кылынат. Быйыл 45 миң адам тапшырса, кайсы бир жылдары 53 миңге чейин жеткен учурлар болгон. Балдарга 6 предметтик жана 1 негизги тестти түзүп чыгуу өтө көп убакытты, каражатты, мээнетти талап кылат. Ошондуктан биз жыл бою иштейбиз.

Ал эми тестти түзүү биздин мекемеде мамлекеттик стандарттардын, мектеп программасынын негизинде өткөрүлөт. Эч кандай чет элдик уюмдардын системаларынын негизи алынбайт. Мектеп мугалимдери, университеттердин окутуучулары ж.б. атайын окуудан өткөн, тест түзө билген, өзүнүн предметин мыкты билген илимий кызматкерлерден тест түзүүчүлөрдүн командалары түзүлөт. Тестти түзүүгө жалпысынан оңдоп-түзөө иштери менен жарым жылдан ашык убакыт кетет. Бул процесс жыл сайын жүргүзүлөт.

Быйыл Кыргызстан боюнча 119 тест борбору иш алып барып, ар биринде 15тен кем эмес адам тестти кабыл алып, жалпысынан тестти өткөрүүгө миңге чукул администраторлор катышты.

– Тесттин жооптору алдын-ала сатылып же тааныштар аркылуу берилип кетпейби?

– Сентябрь айынан тартып эле тест тапшырмалары түзүлүп, атайын базага салына баштайт. Түзүлгөн ар бир тапшырма көп баскычтуу  рецензиялоодон  өтөт.  Оңдоп-түзөлүп жатып өзгөрөт, ал эми түзүүчүгө кандай өзгөрүлгөнү боюнча маалымат берилбейт. Ошол эле учурда түзүүчүнүн суроолору быйыл же кийинки жылы тестке кошулары да белгисиз болот. Андан кийин ар бир тапшырма апробацияланып, анын татаалдыгы, статистикасы чыгарылат. Кийин ал тапшырмалардан тест китепчелери даярдалат. Май айында өлкө боюнча тест өтүп жаткан учурда тесттердин бир канча варианттагы тапшырмаларынын туура жооптору түзүлбөйт. Тапшырмалар гана дептер болуп чыгарылып, туура жооп ачкычтары жок болот. Эмне үчүн дегенде адамдар кийлигишкен жерде туура жоопторун сатып, таратып жибериши мүмкүн. Ошондуктан алдын-ала жооптор белгисиз болот. Ал эми жок нерсени эч ким тарата албайт. Негизги тестте 150 суроо болот. Анын баарын эстеп, эсептеп чыгууга мүмкүн эмес. Анүчүн ар кайсы тармактын адиси болуш керек. Мындай аракеттердин бардыгы тестти алдын ала сатып жибербөөгө каршы колдонулган чаралар.

Демек, тест жүрүп жаткан учурда бир дагы тапшырманын туура жообу болбойт. Качан гана республика боюнча тест алуу аяктап, жооптору бул жакка келгенден кийин, ар бир баланын жооп барактары сканер ар-кылуу компьютерге түшүрүлөт. Абитуриенттер кандай жооп берди, катабы, ката эмеспи, баары сүрөткө тартылып, атайын бир эталондук дискке жазылат. Ал дискти биз Билим берүү министрлигинин, коррупцияга каршы кеңештердин, Акыйкатчы аппаратынан, массалык маалымат каражаттарынын, укук коргоо өкүлдөрүнүн катышуусу менен банктын ячейкасына салабыз. Андан кийин гана түзүүчүлөр туура жооптордун ачкычтарын түзүшөт. Ошондо гана туура жооптор пайда болот. Ал жооптор компьютерге салынып, атайын программа автоматтык түрдө балдардын берген жоопторун текшерип аныктап чыгат. Бул эсептөө процессине адамдар кийлигише албайт.

– Туура жооп берсем да, жыйынтыгы начар болду деп арыздангандар барбы?

– Ооба, арыздар түшүп жатат. Күмөн санагандар келип текшерип кетишет. Текшерүү жогорку окуу жайларга кабыл алуунун биринчи туру башталганча болуп өтөт. Бирок текшергенде сөзсүз балл кошулат экен деген ой жаңылыштык. Айрым учурларда абитуриенттерден кеткен техникалык каталар болуп калат. Анткени тест тапшыруучу жооп барагын толтурууда вариантын туура эмес боёп, же кокусунан жооп баракчасына чийип алса, компьютер автоматтык түрдө, туура эмес вариант менен эсептеп же ал жоопту кабыл албай да койгон учурлар болот. Бирок андай каталардын саны өтө эле аз. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында ар кайсы мекемелердин өкүлдөрүнөн турган комиссия чогултулат да, ар бир ката боюнча киргизилген өзгөрүүлөр комиссиянын чечими менен бекитилет.

Вера БЕДЕЛБЕК, «Кыргыз Туусу»,
Наргиза БЕКТАШОВА, Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин студенти