Медресени аяктаган улан-кыздар жумушка орношо алышабы?

Учурда Кыргызстанда жүздөн ашык медресе болсо алардын 78и иш алып барууда. Ал эми медреседеги окуучулардын бүтүрүүчүлөрүнө кандай документ берилет жана жумушка орношо алышабы? Булан институту дал ушул теманы АВЕП коомдук фондунун “Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу” долбоорунун менеджери Нарынбек Кыдыргычов жана “Абдуллах ибн Масъуд” медресенин мүдүрү Кабылбек ажы Акматов менен талкууга алды.

– Кабылбек ажы, расмий маалы-мат боюнча медреселерде учурда 6 миңдей бала окуп жатат. Бирок медресе бүтүрүүчүлөрү колуна алган күбөлүк мамлекеттик стандарттагы документ болуп эсептелбейт. Силердин медресенин бүтүрүүчүлөрүнө бул жагдай кандай кыйынчылык жаратууда?

Кабылбек ажы АКМАТОВ:– Биздин медреселердин бүтүрүүчүлөрүнүн документин мамлекет тааныбайт деген сөзгө мен толук кошулбайт элем. Себеби, биздин медресени бүткөн балдарга Муфтият диплом берет, ал эми Муфтият мамлекет менен тыгыз иштеп жатат. Дипломдун негизинде бүтүрүүчүлөр имам хатиб болот, мечиттерде имам, медреселерде окутуучу болуп иштесе болот. Ошол эле диплом менен диний же шарыят жагынан кандай гана мамлекеттик иш кызмат болбосун жумушка орношо алат. Ошол үчүн мамлекет биздин медреселерди бүтүргөн балдардын дипломун дин жаатында тааныйт десек жаңылышпайм. Экинчиден, биздин медреселердин максаты бул – мамлекетке теологдорду даярдап берүү. Элибизге биринчиден ыймандуулукту, тынчтыкты, адилеттүүлүктү, акыйкатты, чындыкты, бир туугандыкты, ынтымакты, биримдикти ошондой эле жол көрсөтө  турган  кадрларды  даярдап  чыгуу. Албетте, эгерде медресени бүткөндөн кийин окуучу светтик илим алып, кайсы бир кесипти жактырса ага толугу менен уруксат. Мисалы, биздин окуучуларыбыздан Жунус Кадыралиев деген окуучубуз медресени аяктап, андан кийин Медициналык институтту бүтүп, азыр кардиолог болуп практика өтүп жүрөт. Мына ушул сыяктуу көп мисалдар бар.

– Мисалы, бир жылда канча бала бүтөт сиздердин медресени? Бүтүрүүчүлөрдүн канча пайызы жумуш менен камсыз боло алышат?

Кабылбек  ажы  АКМАТОВ:– 2011-жылдан баштап окуучуларды окутуп бүтүрүп жатабыз. Медреседе ар жылы ар кандай болот. Бир жылда 20-25 окуучу бүтөт. Медресе  2005-жылы  ачылган.  2018-жылга бүтүрүүчүлөрдүн саны 130га чукулдап калды. Ошолордун ичинен 100 пайыз деп айта албасак дагы, 95 пайызы ишке орношуп, азыркы күндө иштерин жүргүзүп жатышат.

Элибиз азыр динге бурулуп жаткан учуру. Чынын айтсам, элибизге балким медресе бүтүрүүчүлөрүн биз жеткире да албай жатабыз. Бирок, балдар толугу менен иш менен камсыз болуп жатышат.

– Кабылбек ажы, сиз айтып жатасыз, сиздер берген документ дин чөйрөсүндө таанылат деп. Ал эми мамлекет тааный турган документберилиш үчүн кандай иш-чараларды кылып жатасыздар?

Кабылбек ажы АКМАТОВ:– Негизги медресенин максаты дипломду мамлекетке таанытыш эмес. Мамлекет тааныш үчүн бизде азыр эч кандай иш-чара жасалган жок. Себеби, медресенин максаты диний жаатындагы адистерди даярдап чыгуу. Ал эми мамлекет тааныш үчүн мамлекеттин өздөрүнүн дипломдору бар. Азыркы күндө ошол окуу жайды бүткөндөр, диплому барлар да иш менен камсыз боло элек. Биздин медресенин максаты толук шарыят адисин чыгаруу. Медреседе окуу төрт жыл болсо, программабыз өтө кыскартылган. Куран илими, пайгамбарыбыздын осуяттары өтө терең илим. Фех – бул шарыят маселелери. Булар да терең илим, муну өзү төрт жылда араң окуп бүтүшөт. Анан биз башка да кесипти таанытыш үчүн, мамлекет тааный турган дагы бир дипломду алсын, анан шарыят тааный турган диплом алсын деп эки жакты аралаштыра турган болсок, анда биздин шарыят адистерибиз чала сабат болуп калышы мүмкүн. Төрт жылда шарыятты окутабыз, толук кандуу шарыят илимин беребиз. Андан кийин ал мамлекет тааный турган диплом алам десе ал баланын ыктыяры болот.

– Нарынбек мырза, сиздер медреселерге кошумча кесип окутуп, тигүүчүлүккө, ашпозчулукка үйрөткөн долбоорду баштаганыңарга бир канча жыл болду. Эмне үчүн медреседеги балдар-кыздар ушундай кошумча кесип алышына муктаждык бар? Эмне себептен ушул долбоорду баштадыңыздар?

Нарынбек КЫДЫРГЫЧОВ:– Биздин долбоор “Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу” деп аталат. Долбоор 2011-жылдары демилгеленген, ошол жылдардан бери көйгөй катары эсептеп келгенибиздин себеби жана жогоруда айтып кеткендей эле диний билимди төрт жыл толук алып убактысы кетет.

Андан кийин ошол диний билим менен гана чектелип калбасын деп, ошол диний окуу жайларга кесиптик шыктарды үйрөтүү сунушун киргиздик. Долбоордун максаты – медресе жаштарына диний билим менен катар кошумча кыска мөөнөттөгү кесипти берүү жана жумушсуздукту азайтуу. Медресени бүткөндөн кийин башка бир окуу жайга тапшырып же башка өлкөгө мигрант болуп кетип калышпасын деген максатта иштеп жатабыз. Ошол өзүбүздүн мекенибизде алган сертификаты менен өзүнүн кирешесин таап, анча-мынча жардам болсо деген ниетте долбоорду баш-таганбыз.

– “АВЕП” уюмунун долбоору аркылуу канча медреседе, кандай кесиптерге окуттуңуздар?

Нарынбек  КЫДЫРГЫЧОВ:– Аталган долбоор 2014-жылдан бери толук ишке кирген. 2014-2015-жылдары Чүй облусунун беш медресесинде төрт кесиптин түрү боюнча тактап айтканда, тигүүчү, электромонтаждоочу, электр менен ширетүүчү жана ашпозчу кесиптери боюнча окушту. Кийинки фазабыз түштүк жергесине жайылтуу болду. Бир жыл тыныгуу алып, ошол кылган ишибизди анализдеп, жыйынтыгын көрөлү дедик. Чүйдөгү 268 бүтүрүүчүбүздүн 68 пайызы иш менен камсыз болду. Ошол себептен долбоорду республикага жайылтууну баштадык. Долбоор өзүнүн натыйжасын берип жаткандан кийин түштүк жергесине жайылтууну донорлорго сунуштадык. Бүгүнкү күнү түштүк жергесинде дагы ишке ашууда. Жалпысынан 18 медреседе 560 окуучу окуп бүттү. Анын ичинен 210 кыздар ашпозчулук, тигүүчүлүк кесиптерине ээ болушту.

– Аларды окутуш үчүн мугалимдерди жана жабдууларды каяктан кантип табасыздар?

Нарынбек КЫДЫРГЫЧОВ:– Бул долбоор болгондон кийин башталышы жана аягы болот. Долбоорду каржылап жаткан биздин донорлорубуз АКШнын Кыргызстандагы элчилиги. Жабдууларды алар берген каражатка алабыз. Бүгүнкү күндө 5 миллион 600 миң сом сарпталды. Андан сырткары 100 миң сомдук каражат аларга окуу программаларды, окуу модулдарын иштеп чыгууга кетти. Ушунун баарын медреселерге жумшап жатабыз.

–  Кабылбек  ажы,  медреселерди бүткөнгө жараша балдар ошол алган билимин турмушта пайдаланып, мечиттерде иштеши керек, имам болушу керек, же медреседе сабак бериши керек да. Медресенин күбөлүгүнөн сырткары дагы кандай жагдайлар тоскоол болуп атат алардын иштеп кетишине?

Кабылбек  ажы  АКМАТОВ:–Бүтүрүүчүлөрдүн алган илимин таратууда, өзүнүн кесибин элге жеткирүүдө азыр эч кандай тоскоолдук жок. Муфтият 2014-жылы Аалымдар кеңешинин чечими менен бизге окуу програм-масын бекитип берген. Программада Орто Азияда окутулган ханафий мазхабындагы матрудий акыйдасындагы китептер менен толук камсыздалган. Азыр медреседе ошол китептерди толук окутканга жетише алдык.

Биздин бүтүрүүчүлөрүбүз азыр элдин кызматынан ашпай атат. Барган жерлерде мечиттерде имам, Муфтиятта, Казылыкта, катчылыкта жана башка кызматтарда иштеп жатышат. Бардык облустарда да иштешүүдө. Өздөрүнүн диплому менен иштеп кетишине, башка бир дипломду алышына эч кандай тоскоолдук жок.

– АВЕП уюмунун долбоору аркылуу силердин медреседе канча окуучу кайсы кесиптерге ээ болушту? Ошол бүтүрүүчүлөр алган күбөлүгү менен иштеп жатышабы?

Кабылбек  ажы  АКМАТОВ:– АВЕП фонду  2015-жылы  ишин  баштаган, 2016-2017-жылдар менен үч жылдын ичинде 120 бала сертификат алышты. Медреседе окуп жаткан балдар биринчи эле ашпозчулук кесиптин ээси болушту. Медреседе өздөрү тамак жасашат, аябай даамдуу болот. Каникул учурунда үйлөрүнө барганда ата-энесине тамак жасап берип, бул дагы ата-энеге кылган кызмат экенин билишип, жакшы мактоолорду угуп жатабыз. Практиканы болсо Бишкектеги кафелерден өткөрүшкөн. Азыр кафеде иштеп, өзүнүн кафесин иштетип жаткандар да бар. Ким кайсы жакта иштеп жаткандыгы боюнча так маалымат жок. Бирок алган билимдери менен бардыгы иштеп жатышат.

Нарынбек  Кыдыргычов:– Албетте, долбоордун жетишкендиги, кемчиликтери да болот. Балдарга мүмкүнчүлүк түзүп берген медреселер, Муфтият, Дин комиссиясы болуп өнөктөштүктө иштеп 560 окуучуну окуттук. Долбоор кесиптик шыктарга окутуу менен эле чектелбейт, анын ичинде үч күндүк ста-жировкасы бар. Медресенин мүдүрлөрүнө, мугалимдерине өзүнүн потенциалын жогорулатуу максатында ар кандай тренингдерди уюштуруп беребиз. Ошол тренингдер аркылуу өздөрүнүн билим деңгээлин жогорулатып ишинде пайдаланып жаткандар бар.

Талкууну уюштурган Нурия КИЙИЗБАЕВА