Нарында каптаган чегирткеге каршы дары чачуу уланууда

21-майдан тарта Ак-Талаа, Жумгал, Ат-Башы жана Нарын райондорунун айдоо талааларында химиялык дарылоо иштери жүргүзүлүп, ушу тапта 55 миң гектар жер чегирткеден тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык,Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Нарын райондорунун жайыттарында жана талааларында пайда болгон чегирткеден жана башка курт-кумурскалардан өсүмдүктөрдү коргоо максатында 13-июнда аймакта өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Тазалоо иштери бүгүн да улантылып жатат.