ММА мушкери менен кылмыштуу топтун мүчөсү зордуктоого шектелип кармалды

Ош шаарынын 25 жаштагы тургунун зордуктоого шектелип кармалган ММА мушкери менен кылмыштуу топтун мүчөсү тергөө абагына камакка киргизилди. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан маалымдашты.

1-июлда сот колго түшүрүлгөн 24 жаштагы мушкерди бир айга, ал эми экинчи кишини эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Жабырлануучу 30-июль күнү милицияга кайрылган. Арыздын негизинде Кылмыш жаза кодексинин 129-беренеси («Зордуктоо») боюнча кылмыш иши козголгон.

Эскете кетсек, буга чейин камакка алынгандар Ош шаарындагы түнкү клубдун биринде күзөттө турган үч жигитти сабады делип кармалып, соттун чечими менен үй камагына чыгарылган.