3-июльга карата аба ырайы

Эртең, 3-июлда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кыска убакытка жаан жаап, тоолуу райондордо кар түшүүсү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 17-22 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн +15…+20, күндүз +23…+28;

Таласта түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27;

Баткенде түнкүсүн +16…+21, күндүз +25…+30

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн +15…+20, күндүз +25…+30;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +9…+14, күндүз +19…+24;

Нарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24;

Бишкек шаарында кыска убакытка жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +26…+28.