Майрамбек ОСМОНОВ, КР эмгек сиңирген артисти: «Мен азыр мындан да бийик учам, жердеги эч бир жан көзүмө көрүнбөй калат” деген куш бар, бирок…»

– Саламатсыңбы, Майрамбек? Айрым ырчылар бир катуу жанып чыгып, бат эле кайра жалп этип өчүп калса, сен музыка дүйнөсүнө кандай келсең, ошол эле калыбыңда турасың. Мунун себеби эмнеде?

– “Атак-даңк – өлгөндөрдүн күнү” деп бир жакшы жазылган сөздү окуп, ушул тууралуу: “Атак-даңкка жеткен адам кандайча өлгөндөрдүн арасына кирип калат?” – деп бир ой жүгүрттүм эле. Көрсө, мунун башка бир ойду камтыган жагдайлары бар экен. Мисалы, жылдыз болгон адам өзүнчө эле кыйын болуп атып эле, тигинден-мындан жашынып, бийиктикке чыктым деген ойдо өзүн-өзү алдап, элден алыстап жалгыз калып калат экен. Жанагы сөздө: адамдын текеберчилиги – өлгөнү деген маани жаткан окшобойбу деп түшүндүм. Бир куш болот экен, абдан бийик учат экен. Ошол өзүнө-өзү айтат экен: “Мен азыр мындан да бийик учам, жердеги эч бир жан көрүнбөй калат”, – деп. А чынында аны жерде туруп алып караган деле киши жок. Мына ушул куш сыяктуу текебер болуп калган мезгилде адам баласынын жүрөгү катып, чыгарманы мындай эле коелу, андан жакшы сөз да чыкпай, жакшы ой, жакшы идея пайда болбой калат экен да. Адам баласы өзүн-өзү сүйүп, “мен” деп калгандан качыш керек. Өзгөчө чыгармачыл адамдар. Бул чыгармачыл жамаатка аманат катары айтыла турган сөз. Элди сүйүш керек. Курсагы дырдыйып тоюп турган бирөөлөргө теңелбей, анча-мынча курсагы ачынып, жаны ачынып турган адамдарга жакын болсо, ага Кудай ошончолук берет го деп ой-лойм. Кээде мечиттен чыгып келе жатканымда адамдардын бут кийимин оңдоп коем. Ошол учурда: “баланча ырчы ушинтет беле?” – деп ойлойм. Жок, ал антпейт. Анткени анын мойну жар бербейт. Ал – жылдыз да. Анан, албетте, адам болуп сакталып калыш үчүн эмгек керек. Менин атам үч миң кой айдап, биз кутуруп чоңойгон жокпуз. Атам темир уста болуп, апам анын жардам-чысы болуп, мээнеттен табылган нанды жеп, жука көйнөк болсо да ак эмгек менен кийим кийип, эшигибиз дайыма кулпуланбай ачык болуп чоңойгонбуз. Жанып эле жалп өчүп калбоонун бир себеби мына ушуларда жатат деп ойлойм.

– Сен  ажы  болгондо  “эми  сакал коюп, чыгармачылыктан оолактап, четтеп кетеби” дедик эле?

– Шарыятта сүннөт амалдары, парз жана милдет амалдары бар. Сакал коюш – сүннөт, намаз окуш – парз. Мен ажыга барып келгенимде болгону жыйырма жети жашта болчумун. Биздин ошол убакта мени коомчулук кандай кабыл алат деген да ой болгон. Бирок кээде адам майда-барат сөзгө маани бербеш керек.
Өлүм ак – баарыбызга кезек келет,
Өлүмсүз жамандыкты сезет белек,
Жашоодо жакшы, жаман жүргөнүбүз,
Кудайдын көз алдында эсептелет…– дегендей, ар бир басып жүргөн жан, ар бир инсан бул дүйнө убактылуу экенин билиш керек. Бизге чейинки ата-бабаларыбыз, энелерибиз өткөн дүйнөдөн. Биз дагы ошол тизмеде барбыз. Ошондуктан жалаң эле бул дүйнөнүн камын көрүп эле, бул дүйнөдө калып калчудай болбой, бир күнү өмүрдөн өтөт экенбиз деген нерсени такыр унутпашыбыбыз керек.

Бир жакшы осуятта айтылат: кимдин камы бул дүйнө болсо, анын иштери бытыранды болот, көз алдына кедейчиликтин коркунучу келет жана мандайына жазылгандан башка эч нерсе ала албайт. Кимдин камы акырет болсо, анын жүрөгү байыйт, иштери жеңилдейт жана бул дүйнө анын көз алдына кор болгон абалда келет” деген жакшы осуят бар. Өнөрдү аздектеп, жакшы жүрсөк, чыгармачылык деле өтө зыян эмес. Ата-энени мактаган, Кудайды мактаган, элди-жерди даңктаган, элди жакшылыкка чакырган ырлар көп болсо, албетте, жакшы болор эле.

– Деги эле таксыр болгондон кийин Майрамбекте эмне өзгөрдү? Эмне таптың, эмнени жоготтуң?

– Адегенде эле эмнени жоготконумду айтайын. Жанымда кол чаап: “кел, тиги арам ишти кылабыз, бул арам ишти кылабыз” деген шайтан-шабырларды жоготтум деп ойлойм. Баягы дүнүйөгө кызыгуу, убактылуу жашоодогу икир-чикир чогултууну жоготтум. Жаныңда курсагын тойгузган, бирок пайдасы жок, ары барып алып сен жөнүндө жакшы сөз сүйлөй албаган досторду жоготтум. Ал эми тапкан пайдаларым, чындап айтыш керек, биз жөнүндө жакшы эстеп, дуба кылып кое турган, бирөө бизди жамандап жатса ага кошулуп, жамандашпай турган жакшы досторду таптым. Негизинен көпкө чейин балалуу болбой жүргөм, Кудай-Таала ошол динге ке-лип, кылган дубабызды артка кайтарбай ка-был кылып, бала-чака таптым.

– Таксыр деген сөздүн мааниси кандай?

– Мен сенден кыскамын, мен сенден ылдыйраакмын дегенди түшүндүрөт. Эң негизгиси, ушул күнгө чейин дүнүйөгө кызыкпаганым – менин эң чоң табылгам деп эсептейм. Канча көп дүнүйө, мансап болсо, ошончо көп сурагы болорун эстен чыгарбаш керек. Эң чоң парз – билим алуу, балдарды билим алууга шыктандырып, бардыгын спорт чөйрөсүнө берип койгом, бул да менин табылгам деп эсептейм.

– Обончулук, ырчылык, тамадалык өнөр кимден?

–  Ар  бир  иштин  аркасында  Кудай-Тааламдын өкүмү бар да. Өнөрдү, биз сүйлөп жаткан тилди, акыл-эсти, ой-сезимди – баарын Кудай-Таала берип жатпайбы. Биз, болгону эле ошого себепчи болуп, өркүндөтүп, өстүрүп, элге тартуулап гана коет экенбиз да. Ааламдагы кыбыр эткендин баарынын жаратуучусу – Кудай.

– Өзүңдүн уул-кыздарың да чоңоюп калгандыр? Канча баланын атасы болдун? Кандай тарбия берип жатасың?

– Балдарым мектепте окуп жатышат. Кудай буюрса, дагы перзент күтүп жатабыз. Өзүм да ден соолук үчүн бокс менен машыгууну колго алгам. Каникул убактарында балдарымды мечитке жиберем, намаз окуганды үйрөнүшөт, таалим угушат. Ата-энебиз учурунда айткан жакшы сөздөрдүн көбүн биз жаштык кылып кулактын сыртынан кетириппиз. Эми ошолордун кулакка кирип калганын балдарыбызга айтып, ошону менен тарбиялап жатабыз. Ата-эне эч убакта балага жамандык каалабайт, алардын ар бир сүйлөгөн сөзү бала үчүн жакшы дуба.

– Балдарыңдын апасынын сенин чыгармачылыгындагы орду?

– Балдарымдын апасы кээде: “Мына бул ырың жакты, мына бул ырыңды угайынчы”, – деп калат. Менин чыгамачылык дүйнөм, демек, аны кайдыгер калтырган жок окшойт деп калам андайда. Ошол чыгармачылык аркылуу ырыскы келип жактанын да түшүндү болуш керек. Бирок балдарым: “Мен ырчы болом”, – деп калса каршы чыгып жатат. Бирок, бардыгы Кудайдын колунда эмеспи.