Бакыт ОСМОНКАНОВ: «Өзүмдү актер катары санабайм»

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, «Кыргыз Туусу», Нурсулуу КАНАТБЕК кызы, практикант


“Жигитке жетимиш өнөр жетишсиз” деген сөз бар элибизде. Анын сыңарындай бир нече таланттын ээси болгон каарманыбыз Бакыт ОСМОНКАНОВ кино жаатында да эл оозуна алынып калды десек болот. Аны алгач, белгилүү “тамашоучу” катары тааныган болсок, андан кийин теледе алып баруучулук өнөрдү да өздөштүрүп алган. Учурда режисер катары тасма тартып, актер болуп тартылып, ал тургай киного сценарий дагы жазып жүрөт. Ал сценарийин жазган “Апамды издеп” киносу “Ак илбирс” сыйлыгына татып, коңшу Казакстанга чейин көрсөтүлдү.

– Телевидениеге “Тамашоуга” чейин эле катыша баштагам. КТРК каналында “Баракелде” деген теле долбоор бар болчу ошондо алып баруучу болчумун. Андан тышкары “КВН Кыргызстана” деген долбоор аркылуу телеге чыгып турчубуз. Ошол убакта Эрмек Нурбаев менен Кара-Балта командасында чогуу ойночубуз. Кийин “Тамашоуга” Эрмектин чакыруусу менен келип калгам.

– Кинодо роль жаратып каласыз. «Бир тууганчик» тасмасындагы жараткан образыңыз өзүңүзгө жагабы?

–  “Бир  тууганчик”  тасмасында ролум негизи өзүмдүн жашоомдон алынган десем калп айтпайм. Анткени жашоодо бир аз өзүмчүл болгондуктан, туугандарга анча жакын эмесмин. Негизи киного сценарий жа-зып жатканда өзүбүздү тарбиялаганга аракет кылабыз. Ал эми ролду татыктуу ойногонума бааны көрүүчүлөр айтат. Бирок көбүнчө жакшы деп айтып жатышат. Негизи өзүмдү жакшы актермун деп эсептебейм.

– Жакында сценарийи сизге таандык “Апамды издеп” тасмасы “Ак илбирс” сыйлыгына ээ болду. Ошол тууралуу кеп сала кетсеңиз?

–  Анын  сценарийин  Жеңиш  Жунусов экөөбүз жазганбыз. Бул тасмага чейин “Сүйгөнүмдүн каарманы” деген киного сценарий жазып Руслан Акунга бергенбиз. Ошондон кийин ал сценарий жазуу сунушу менен кайрылып калды. “Апамды издеп” тасмасынын ийгилиги – жалпы команданын эмгеги.

– Сизге режиссер болгон жеңилби же актерлукпу?

– Актерлордун эмгегин аябай сыйлайм. Анан ар кырдуу ролдорду ар кандай образдарды жараткан актерлорду аябай баалайм. Анан өзүмдү актермун десем, алар кичине таарынып калышат го. Ошондуктан өзүмдү актер катары санабайм. Ал эми режиссерлукта мен үйрөнчүкмүн. Келечекте курстарга катышып, деңгээлимди өстүрөйүн деген ой бар. Азыр болсо тажрыйба жүзүндө анча-мынча экксперимент кылып тартып көрүп жатабыз Буюрса, жаман эмес, бирок дагы өстүрө турчу көп нерсе бар.

– Көпчүлүк учурда иш менен алек болсоңуз, үй-бүлөгө, балдарыңызды тарбиялоого кантип жетишесиз?

Албетте, үй-бүлө биринчи орунда да. Негизи чыгармачылыкта жумуш тартиби жок болот эмеспи. Өзүбүздүн студиябыз бар. Иштей турган кезде иштейсиң. Мисалы, бир киного жарым  жылдай  убакыт  кетет.  Ошол учурда үй-бүлөгө бөлүнгөн убакыт аз болуп калса керек. А бирок кино чыккандан кийин 1-2 айдай эс алабыз. Ошол убакыт толугу менен үй-бүлөгө арналат. Жалаң үй-бүлөм менен болом десең, ишти ким кылат? Анда жумушсуз каласың. Ошондуктан баарына жетишүүгө аракет жасап, бирдей мамиле жасоо кажет.

–  Алдыда  кандай  пландар  бар? Саясатка аралашуу тууралуу ойлоно элексизби?

–Саясатка аралашпаганга аракет кылам. Саясат аябагандай эле кир. Буюрса, ушул эле тармакта кинолорду, теледолбоорлорду, роликтерди, деги эле ушул жаатта иштей берем деген ойдоймун. Келечекте чыгармачылыктан тышкары дагы башка нерселерди өздөштүрүүгө аракет кылып калышым мүмкүн.