Футбол-2018: Бразилия чейрек финалга чыкты

1/8 финалдык бөлүктө Бразилияга Мексика туш келип, оюн 2:0 эсеби менен Бразилиянын пайдасына жыйынтыкталды.

Беттештин 51-мүнөтүндө бразилиялык Неймар гол киргизип, күйөрмандарын кубанычка бөлөдү.

20 мүнөт өткөндөн кийин Роберто Фирмино дарбазачынын бутуна тийип ары кеткен топту киргизип жиберди.

1/8 финалдык оюндар 3-июлда жыйынтыкталат. Андан соң калган сегиз команда чейрек финалды ойной башташат. Ушул учурда  Уругвай, Франция, Орусия, Хорватия жана Бразилия командалары чейрек финалга жолдомо алды.