Футбол-2018: Чейрек финалда Бельгия Бразилия менен беттешет

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын алкагында Бельгия менен Япония командаларынын оюну 3:2 эсебинде бельгиялыктардын жеңиши менен аяктады.

Алгач Япония атаандаштын дарбазасына эки ирет катары менен гол киргизип, алдыга чыккан. Андан соң Бельгия эсепти теңеп, оюндун 94-мүнөтүндө үчүнчү гол киргизип, чейрек финалга жолдомого ээ болушту. Натыйжада Бельгия командасы чейрек финалда Бразилиялыктар менен беттешет.

Эскерте кетсек, буга чейинки Бразилия мексикалыктарды утуп, чейрек финалга чыккан.