Жалал-Абад облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн түнү, саат 01:39да Кыргыз Республикасынын аймагында күчү очогунда 3,5 баллга жеткен жер титиреди. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, жер титирөө Жалал-Абад облусунун Кызыл-Туу айылында, Шамалды-Сай шаарында 2,5 балл, Кум жана Теңдик айылдарында 2 балл болуп сезилди.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.