Роналду, Мессинин алтын тобу эмес, Акинфеевдин «алтын буту» ишке жарады

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, «Кыргыз Туусу»


Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тайпалык оюндары жыйынтыкталып, 1/8 оюндары старт алды. Буга чейин тайпалык оюндардын алкагында учурдагы дүйнө чемпиону Германия турнирден четтеп, сенсация жараткан болсо, 1/8 финалдын алкагындагы оюндарда дагы күтүүсүздүктөр болбой койгон жок.

Европа Латын Америка командаларынын тиреши – азырынча 1-1

Алгачкылардан болуп 30-июнда, “Казань Арена” стадионунда Франция-Аргентина беттеши өттү. Алгач оюн эсебин француздардын ана башчысы Антуан Гризманн  13-мүнөттө  пенальтиден  жаратып, Франция курамасын алдыга чыгарды. Анткен менен Аргентина тараптан Анхель Ди Мария 41-мүнөттө алыстан сокку жасап, көз жоосун алган гол киргизип, эсеп сандарын теңөөгө жетише алды. Оюндун 2-бөлүгүндө, Мессинин чыгарган тобун Габриэль Меркадо француздардын дарбазасына багыттады. Муну дарбазачы тосо албай, Аргентина курамасы алдыга чыккан. Бирок, 57-мүнөттө Бенжамин Павар учуп келе жаткан топту аргентиналыктардын дарбазасына жерге түшүрбөй тээп, турнирдин дагы бир кооз голун жаратып, эсепти теңеди. Андан кийин Франция курама командасынын жанып келе жаткан жылдызы, Килиан Мбапе катары менен эки гол киргизип, оюндун ташын француздар тарапка оодарып салды. Аргентиналыктар болгон күчүн үрөп чабуул коюп жатып, 90-мүнөттө Лионель Мессинин узаткан тобун Серхио Агуэро башы менен сүзүп Уго Льористин дарбазасына киргизип, аргентиналыктарга аз да болсо, үмүт бере алды. Ал аңгыча калыстын ышкырыгы жаңырып, 4:3 эсебинде Франция курамасы Аргентинаны жеңди. Натыйжада көптү үмүттөндүргөн Аргентина курама ко-мандасы турнирди жыйынтыктап, таланттуу оюнчулардын топтому күчтүү команда боло албасын далилдеп койгонсуду. Ал эми алтын топту бир нече жолу багындырган Лионель Месси командасын алдыга сүйрөгөнгө аракет кылганы менен жыйынтык чыгара албады.

Ошол эле күнү алтын топтун бир нече жолку ээси болгон дагы бир дүйнөнүн мыкты оюнчусу Криштиано Роналду баштаган Португалия курама командасы Уругвай менен кездешти. Оюн жогорку темпте өтүп, күйөрмандардын басымы астында болду. 7-мүнөттө Барселона командасынын жылдызы, Уругвай курамасынын чабуулчусу Луис Суарес сол канаттан кирип келип, топту Эдинсон Каванини көздөй узатты. Бул топту Кавани башы менен сүзүп гол жаратып, Уругвайды алдыга чыгарды. Бирок 55-мүнөттө бурчтан тебилген топту португалиялык коргоочу Пепе Лима дарбаза торуна кадап, эсепти теңеди. Ал эми 62-мүнөттө Эдинсон Кавани экинчи голун киргизүү менен, мелдешке чекит койду. Ошентип 90 мүнөт аяктап, калыстын ышкырыгы жаңырды. Португалиялыктар канчалык аракет кылганы менен уругвайлыктардын коргонуусун жарып өтө алышпады. Жыйынтыгында, 6-июль күнү 1/4 финалда Франция курамасы дагы бир латын америкалык Уругвай менен күч сынашып көрмөкчү.

Дарбазачылар чейрек финалга сүйрөп чыкты

1-июлда турнирдин алкагында беттештер уланып, турнирдин кожоюндары Россия курама командасы Москва шаарынын “Лужники” стадионунда Испания курамасы менен кез келди. Дүйнөнүн бир жолку чемпиону атала алган испандыктар оюндун фаворити  эсептелген.  Оюндун  баштапкы мүнөтүндө, Сергей Игнашевич өзүнүн дарбазасына гол киргизип, автогол жаратты. Бирок 41-мүнөттө бурчтан көтөрүлгөн топко испандардын коргоочусу Пикенин колу тийип, пенальти берилди. Аны Артем Дзюба ишке ашырып, эсепти теңеди. Оюндун калган бөлүгүндө эки команда тең гол жарата алган жок. Ал эми пенальти сериясында “дарбазачы – жарым команда” деген учкул кепти орустардын дарбазачысы Игорь Акинфеев тастыктап, испандыктардын эки тобун тосуп алды. Ал экинчи топту тосууда жыгылып бара жатып, буту менен тосуп калууга жетишкен. Ушундан улам футбол күйөрмандарынын арасында “Россия курама командасын Акинфеевдин “алтын буту” финалга сүйрөп чыкты” деген тамаша кеп айтылууда.

Ал эми Хорватия-Дания беттешинде баштапкы эле мүнөттөрдө бири-биринин дарбазасына гол киргизип, эсеп 1:1 бойдон калды. Голдорду Матиас Йоргенсен жана Марио Маджукич киргизди. Негизги убакыт соңуна чыгып, пенальти орун алды. Мында хорваттар пеналти тебүүдө тагыраак болуп, 3:2 эсебинде жеңишке жетише алышты. Натыйжада 8-июль күнү 1/4 финалда Россия-Хорватия беттеши орун алмакчы.