Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастан ЖУМАБЕКОВ: «Парламент тышкы карызды төлөө фондун ачууга даяр»

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, «Кыргыз Туусу»


Парламент тарабынан былтыркы күздөн бери жалпысынан 124 мыйзам кабыл алынып, анын 108не КР Президенти кол койгон. Андан тышкары, парламент 615 токтом кабыл алган. Жыл ичинде жарандардын 23697 кайрылуулары каралган. Жакында парламенттин 6-чакырылышынын төртүнчү сессиясы өз ишин аяктап, депутаттар эки айлык каникулга тарады. Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастан Жумабеков парламенттин бир жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча пресс-конференция өткөрдү.

Спикер Д.Жумабеков Бишкек ЖЭБинин тегерегиндеги чырлуу окуяларга токтолду. “Мурдагы Премьер-министр Сапар Исаковго ЖЭБ иштери боюнча күнөө тагылып, опозициячыл фракциялар ага ишеним көрсөтпөө сунушун беришкен. Андан тышкары, 40тан ашык депутат “Коопсуз шаар” долбоорунун аксап жатышына Исаковдун Өкмөтүн күнөөлөгөн катты мага жолдогон болчу. Ушунун баары Өкмөттүн отставкага кетишине түрткү болду. Жазгы талаа иштери токтоп калбашы үчүн жаңы Өкмөттү тез арада курап алууга аракет кылдык”, – деди. Спикердин билдиргенине караганда 25 жылдан бери жарандарды социалдык колдоо боюнча орчундуу мыйзам кабыл алынган эмес. Бүгүнкү күндө парламент ар бир жаңытөрөлгөн ымыркайга 4000 сомдон сүйүнчү пул берүү чечимин кабыл алды. Өз жарандарын мындай колдоо бир топ өлкөлөрдө, мисалы, Казакстанда, Россияда жана Араб мамлекеттеринде бар. Андан тышкары, жыл ичинде депутаттар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пул төлөөнүн шарттарын жеңилдеткен, тубаса майып баланы баккан ата-энелерди каржылык колдоого алган мыйзамдарды кабыл алышты.

Парламенттин мурдагы чакырылыштарында депутаттар жыйын учурунда жакалашып мушташкан окуялар болчу. Ал эми бул чакырылышта мушташкан окуялар болбогону менен бир нече епутатка коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, айрымдары камалып, ал эми Биринчи-вице-премьердик кызматка кеткенде депутаттык ордун сактап калган Аскарбек Шадиев өлкө чегинен чыкпоо чечмине карабай качып кетти. Шадиевге парламенттеги Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетин жетектеп турганда КМШ мамлекеттеринин парламенттер аралык ассамблеясынын чечими менен Ч.Айтматов атындагы сыйлыкты ыйгаруу үчүн бюджеттен бөлүнгөн 30 миң долларды жымырууга катышкандыгы боюнча кылмыш иши козголгон. Ушул эле чакырылышта оорудан үч депутаттын көзү өтүп кетти. Ал эми парламенттин саясый ишмердүүлүгүнө келсек, Өкмөттү алмаштыруу жагынан да “рекорд” коюп жатканын айтпасак болбойт. Журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, спикер мырза: “Депутаттардын биротоло мушташпай калышына кепилдик бере албайм”, – деп айтты.

Жогорку  Кеңештин  депутаттарынын арасында чет өлкөлөрдүн жарандыгын алып жүргөндөрү чыга калып жатат. Казакстандан аткезчилик иштерге аралашкандыгы боюнча кармалган, кошуна мамлекет аны “биздин жаран” деп билдирүү тараткан депутат Дамир Асылбек уулу тууралуу суроого төрага өз пикирин мындайча билдирди. “Дамир өз кезинде эл аралык мелдештерде спорттук жетишкендиктери менен Кыргызстандын желегин көкөлөтүп жүргөн. Эми ага Казакстандын укук коргоо органдары айып тагып, тергөө жүргүзүлүп жатат. Мурда Дамир Казакстан тарап менен контракт түзүп, алардын спортчусу катары да мелдештерге катышып калчу.

Мүмкүн ошонун негизинде кош жарандуулук боюнча айтылып жаткандыр. Эми окуянын кандай өнүгөөрүн соттун чечими көрсөтөт. Азыркы күндө БШК шайлоо мыйзамдарына жаңы өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн үстүндө иштеп жатат. Менин оюмча, партиялардынбири аркылуу шайланып келип алып, кош жарандуулугу бар экени билинген депутатты мандатынан ажыратып тим койбой, кылмыш жазасына тартуу керек”, – деди.

“Жогорку Кеңештин бир жылдык бюджети 786 млн. сом деп кабыл алынат. Ал эми жылдын аягында 760 млн. сомдун тегерегиндеги каражат өздөштүрүлүп, 20-30 млн. сомду үнөмдөп, кайра мамлекеттик бюджетке кайтарып берип жатабыз. Айрым сайттар 760 млн. сомду 120 депутатка бөлүп эсептеп, “булар мамлекеттин акчасын өтө коромжу кылып жатышат” – деп, элге туура эмес маалымат таратышууда. Эл өкүлдөрүнөн тышкары, Жогорку Кеңештин аппаратында, Иш башкармалыгында көптөгөн кызматкерлер иштейт. Аларга төлөнгөн айлык акыдан алынган салыктар кайра эле мамлекеттин бюджетине барып жатат”, – деп билдирди спикер мырза.

Парламент коррупцияга каршы күрөшүп жатат деп айтууга негиз бар. Мисалы, Бишкек ЖЭБ боюнча чырда депутаттык комиссиянын чечиминде парламент депутатынын аты аталган соң, ал кесиптешибиздин үстүнөн тергөө жүрүп жатат.Ал убактылуу камакка алынды. Парламенттик комиссиянын иликтөөсү боюнча  эки  экс-премьер-министрге,  бир топ энергетика тармагындагы жетекчилерге тергөө жүрүп жатат. Элдин ырыскысына кол салып, коррупциялык ишке баргандардын тагдыры кандай болорун эл өзү көрсүн. ЖЭБдеги коррупциянын коомчулукка ачык-талышына депутаттык комиссия чоң салым кошту. Андан тышкары, Өкмөттүн коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бизге алып келген мыйзамын колдоп беришүүдө.

“Азыркы учурда мамлекеттин тышкы карызын төлөө боюнча акча чогултууга депутаттар да салым кошууга даяр. Депутат Камчыбек Жолдошбаев Жогорку Кеңештин алдында мамлекеттин тышкы карызын төлөө боюнча атайын фондду ачууну сунуштап жатат. Биз бул иштин юридикалык жагдайын карап көрүп, иш баштайбыз. Эч бир депутатты мынча төк деп кыйнамай жок. Ар ким өз мүмкүнчүлүгүнө жараша берсе болот. Топтолгон акчаны мамлекетке которуп беребиз. Азыртадан эле сунушту колдойбуз дегендер аз эмес”, – деди.

Бир аз мурда спикер Дастан Жумабеков парламентке чакыртылган министрлерге мамлекеттик жетекчинин этикасын сактабагандыгын эскертип айткан. Айрым чиновниктердин жеңи кыска, чаарала көйнөк кийип, галстугу жок парламентке келиши орунсуз деген пикирин билдирди. Парламент жогорку бийлик органы болгон соң дресс кодду сактоо керектиги боюнча пикирин билдирди.

Дастан Жумабеков “Парламент күздө тарайт экен” деген каңшаар кепти четке кагып, азыркы чакырылышы ыйгарым мөөнөтүнүн акырына чейин иштээрин айтты.