Бектемир МУРЗУБРАИМОВ, коомдук ишмер, УИА академиги: «Эл таза жана алдым-жуттум жетекчини айырмалап калды»

 

Президент Сооронбай Жээнбеков өз кайрылуусунда инвестиция тартууда бизде көп көйгөйлөр бар экенин козгоду. Чынында жогорку бийлик органдарында отургандар инвестордон “шапке” сурагандыктан алар өлкөбүздү таштап чыгып кетип жатышканы жашыруун болбой калган. Президент аймактарды өнүктүрүү керек деп жатат. Карап көрсөк, аймактардын өз ич ара байланышы дагы начар бойдон калууда. Кошуна райондор бири-бирине жардам берүү, жакшы тажрыйбасы менен бөлүшүү жокко эсе. Элет жерине финансылык ресурстарды тартып баруу абдан жакшы саясат болуп жатат. Республика калкынын 60 пайыздан ашыгы элет жерлеринде жашагандыктан миңдеген фермерлер натыйжалуу иштеген насыяга муктаж.

Азыркы күндө эл таза иштеген адам менен алдым жуттум жетекчини дароо эле айырмалап билип калды. Коррупцияны биротоло жоюп жибере албаса да, аны эң төмөнкү чекке түшүрүүгө болот. Коомду жемкорлордон тазалоо үчүн эл өзү да жардам бериши керек. Мына ушул саясатты шайлоочуларына депутаттар да жеткирсин. Анын ордуна айрым депутаттар өздөрү да коррупцияга аралашкандары чыгып калууда. Президент С.Жээнбеков эч качан артынан жаман сөз ээрчитпеген таза адам. Ал кайрылуусунда өзү мерчемдеген максаттарды турмушка ашырат деп ишенем. Өзү айткан адилеттүү бийлик, ынтымактуу коомду түзөөрүнө ишенем. Ал өз кайрылуусунда билимдин сапаты тууралуу айткандарына кубанып жатабыз. Бирок, биз – окумуштуулар чөйрөсү анын илимди көтөрүү, ага колдоо көрсөтүү боюнча кеңири айтат деп күткөн болчубуз.