Дөөлөтбек ШАДЫБЕКОВ, КР Аксакалдар кеңешинин мүчөсү: «Сооронбай Жээнбековдо «кыргыздын Махатхири» болуу мүмкүнчүлүгү бар…»

Президент Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы батыл күрөшү кыргыз коомчулугунун гана эмес, бүтүндөй дүйнө коомчулугунун көз кырында десем эч жаңылышпайм. ЖЭБге байланыштуу бир катар экс-мамчиновниктер кармалып, бүгүнкү күндө сурак берип жатышат. Мунун аягы кандай аяктайт же жабылуу аяк жабылуу бойдон калабы, азырынча белгисиз. Ошондон улам, мамлекет башчыга ишенбестик менен карагандар да аз эмес. Бирок, анын саясый кадамдарына тыкыр көз салсак, С.Жээнбеков коррупция менен күрөшүүнү ырааттуу жүргүзүп жатканын байкайбыз.

Ал бул жолку кайрылуусунда да: “Коррупцияга каршы күрөш — жалпы элдик мүнөзгө ээ болушу керек!” деп ушул жылдын февралындагы  Коопсуздук  кеңешинин кеңешмесинде айтканын кайталады. Президент кейиш менен белгилегендей, “азыр кайсы коррупционерди кармаба, анын артынан депутаттын же кайсы бир саясый топтун “ушул адамды бошотуп койсоңуз“ деген суранычтары түшүп жатканын түшүнүп турабыз. “Бул күрөш коомдун колдоосуна,  жарандардын  аң сезимдүүлүгүнө жана активдүү позициясына да муктаж”: “Ууру болсо да биздин бала эле“ деген ой менен бир айылдын баары тең кол топтоп, бошотуп коюу суранычын жөнөтүп жатышкандыктары” туура эмес. Коррупция менен күрөш жана аны түптамырынан жоготуу президентке эле керек эмес, ал элге керек. Биз, “уурулар байлыгына манчыркап жүрмөк тургай, коомдун жек көрүүсүн сезип, арабызда баса албай турган чөйрөнү түзгөндө” гана гүлдөгөн Кыргызстанды курабыз!

Мен Президентке чечкиндүүлүктү жана баштаган  ишинен  артка  чегинбөөнү  каалайт  элем. С.Жээнбеков мамлекеттик бийлик органдарында кол тийбестер жана өзгөчө “ыйгарым укуктуу” мамлекеттик чиновниктер болбошу керек деп айтып келатат. Мен буга кошулам. Мурдагы экс-президенттердин тушунда мамлекеттик чиновниктердин кол тийгис “кастасы” болгон. Экинчиден, мамлекеттик мүлккө көздүн карегиндей мамиле зарыл. “Ысык-Көл” мейманканасы, “Аврора”, “Кыргыз деңизи”, “Ак кеме” ж.б. баштаган жүздөгөн мамлекеттин менчик обьектилери бар. Тилекке каршы, аларга ойдогудай мамиле жасалбай жатат. Менин оюмча, бул обьектилерди Мамлекеттик мүлк фондусунун карамагына өткөрүп, башкарууну жакшыртуу  керек. Аларды жеке менчикке саткандын кереги жок. Ошол эле “Мегакомду” жеке менчикке саткандын зарылдыгы жок, бирок болгону андагы башкарууну жакшыртуу, рынок шартына ыңгайлуу кылуу керек деп айтар элем. Ошону менен катар, Мамлекеттик мүлк фондусунун акционердик коомдорунун директорлор кеңешине тажрыйбалуу, көз карандысыз, турмушту көрүп-билип калган, мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртө алган кыраакы адамдардан кошуу керек деп эсептейм. Ошондо гана мамлекеттик мүлктүн тагдыры ишеничтүү болмок. Себеби, азыр директорлор кеңешинде коррупциялык жолдор менен адис эмес, бизнесмендер кирип кетип жатат. Бул туура эмес. Анын натыйжасы эмнеге апкелип жатканын бүтүндөй коомчулук көрүп-билип жатпайбы.

Дегеле, учурда өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү, элдин турмуш деңгээлин көтөрүү боюнча Кыргызстанда көп мүмкүнчүлүктөр бар. Ал үчүн, эң  башкысы,  элдин  башын  бириктирүү  керек. Бүгүнкүнүн эң олуттуу маселеси ушул деп эсептейм.

Кыргызстан эгемендүү болгону улуттук ада-бият унутта калды. Бул улуттун руханий баалуулуктарына урулган сокку деп эсептейм. КР аксакалдар кеңешинин төрагасы катары Президент С.Жээнбековго улуттук адабиятты көтөрүүгө, тагыраак айтканда акын-жазуучуларды материалдык жактан колдоого чакырат элем. Көздүн сокур болгону эч нерсе эмес, көөдөндүн сокур болгону жаман.

Мамлекет  башчынын  айткандары  толугу менен колдоого арзыйт. Эгер ал коррупцияга каршы күрөштү аягына чыгара алса, анда анын “кыргыздын  Махатхири”  болуу  мүмкүнчүлүгү бар.