Мурат ЖЕТИМИШБАЕВ, билим берүү кызматкери: «Коррупционерлердин таманынын алды өрттөнүп тургандай болсо…»

Президенттин кайрылуусуна кайдыгер кароого эч мүмкүн эмес. Ушуга чейин аткарып баштаган ийгиликтүү иштерин айрыкча, жемкорлук боюнча чечкиндүү аракеттерин, эми сөзү менен дагы бир жолу келиштире бекемдеп койду. Мурунку «балп» этмелерден чочулап көнүп калган жаныбыз мазмундуу сөзүнө кудуңдап эле калдык. Ошентип кайрадан жакшы үмүт менен, мамлекет башчы айткан жети багытты ишке ашыруу боюнча сапарга аттанмай болдук. «Чапкан сайын көз чыкмак беле», буюрса кайра жаралуу, тазалануу жолуна түшүп бара жатабыз! Кудай эми ушул сапарыбызды байсалдуу кылышын тилейли.

Кадр саясаты тууралуу айтсак, кадр маселеси ушул бүгүнкүдөй талкаланган абалга эч качан жеткен эмес. Бизде азыр экономикалык кризистен дагы кадрлык кризис өтө күчтүү байкалып турат. Кадр сасатындагы башаламандыкты эң туура баамдап келгендигине чынында мамлекет башчыга ыраазы болдум. Сасык саясаттын айынан мыкты адистерибиз мезгилдин «шилендисинде» калып, алардын ордун жалаң «бармак басты, көз кысты» болгон билимсиз, иш тажрыйбалары жетишпеген зөөкүрлөр ээлеп калышкандыктарын кантип жашырабыз. Ошондуктан бул олуттуу багытта иштерди аткарышыбыз зарыл. Бул жерде Сталиндин «кадрлар баарын чечет» деген сөзүн жөн эле эстеп койбостон чечкиндүү кадамдарга барып, мажүрөө көз каранды «балапан» кадрлардын ордуна иш билги, принципке бекем азаматтар-ды алып келишибиз керек. Кудайга шүгүр, уучубуз куру эмес, элим деген чыныгы азаматтарыбыз толтура. Эң негизгиси «бул тигиники, бул мунуку», – деген ит көз караштан алыс болсок болду.

Мамлекет башчы “Коррупцияга каршы күрөш — жалпы элдик мүнөзгө ээ болушу керек!” деп эң туура айтты. Коррупционерлердин таманынын алды өрттөнүп, жалындап тургандай абалга жеткиришибиз керек. Андай, эл энчисин жеген акмактарды бардык жерде «жек көрүүчүлүк көз караштар менен «сыйлап» турсак дагы аздык кылат. Аларга чыны жалпы элдин наалаты кана «жакшы» сый болуш керек, себеби алар ошол жалпы калктын казынасына кол салган айбандар да.

Эң өкүнүчтүүсү бизде партиялар, жалпы элдин кызыкчылыгынан дагы жеке партиялык кызыкчылыктарды жогору коюп алышкандыгында. Андыктан ушундай «жекечил»көз караштардын аркасында биз жогоруда айткан, кадр саясаты толук талкаланып, экономикабыз эңшерилип, жегичтерибиз «жебеген жердин алдында», – деген ураанды көтөрүп алышкан. Негизи партиялык системанын оң-солун жакшы эле түшүнүп калгандай болдук окшойт. Шайлоонун деле «алчы-таасын» жаттап бүттүк, далай мүдүрүлдүк! «Мүдүрүлгөнүңдү кырсык дебе, балким чоң БАКТЫҢДЫН башталышы ошол жерде!», – деп Л.Толстой айткандай биздин Кыргызстаныбыздын чын БАКТЫСЫ эми башталып кетээр деп үмүт артамын!