Карыпбек АЛЫМКУЛОВ, техника илимдеринин доктору, академик: «Калк күткөн кайрылуу болду»

 

Мамлекет башчы Жогорку Кеңеште кайрылуу жасардан бир күн мурда биз – илимий чөйрөнүн өкүлдөрү, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер чогулган бир жыйында өлкөдөгү болуп жаткан окуяларды талкуулаганбыз. Анда биз: “Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка келгенине 7 ай болсо да элге кайрылуу кыла элек”, – дегенбиз. Анан эле 27-июнда парламентте сөз сүйлөп калды. Аны эл талдап укту десек жаңылбайбыз. Азыркы күндө айрым адамдар: “А.Атамбаев өзүнө жакпаган адамдарды саясый шылтоо менен каматып салган. Эми Президент Сооронбай Жээнбеков аларды камактан чыгарса жакшы болот эле”, – деп айткандарын угуп калып жатабыз. Мындай адамдардын ою боюнча А.Атамбаев адам укугун бузуп сотторго айтып, бирөөлөрдү каматкан болсо, Жээнбеков да соттордун ишине кийлигишип, мыйзам бузуп аларды чыгарышы керек экен да… Адам укугун сыйлаган демократиялык мамлекетте мындай кылбайт. С.Жээнбеков өз кайрылуусунда сот системасын реформалоо керек деп абдан туура белгиледи. Ал мамлекеттик жетекчилерге туура талап коюп, эл күткөн кайрылуу жасады. Сооронбай Жээнбеков Президенттик аппараттан баштап, бардык мамлекеттик органдарда иштегендер тез арада декларациясын толтуруусун талап кылууда. Бирок алар алыс-жакын туугандарынын атына бизнести, кыймылсыз мүлктөрүн жаздырып коё беришкен. Ошондуктан коррупция жолу менен табылган мүлктү далилдөөнүн жаңы механизмдерин иштеп чыкпаса болбойт.