Бельгиянын дарбазачысы футболкасын сураган кыргызстандыкты издөөдө

Кечээ Футбол чемпионатынын 1/8 финалында Бельгия менен Япониянын курама командалары беттешкен. Ошол оюнда Бельгия курамасынын дарбазачысы Симон Миньоле анын футболкасын сураган кыргызстандыкты издеп жатат.

Миньоле бул тууралуу өзүнүн Twitter баракчасына , “Миньоле сенин футболкаңды алсам болобу?” ( Mignolet can I have your T-shirt?) деген жазуусу бар чоң кагазды кармап турган жаш жигиттин сүрөттүн илип, ушул жигитти табууга мүмкүнбү? деп жазган.