Айтмамат Кадырбаев Ош шаарынын мэри кызматынан бошотулду

Айтмамат Кадырбаев берген арызынын негизинде Ош шаарынын мэри кызматынан бошотулду. бул тууралуу  Өкмөттүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөттүн дагы бир буйругу менен ал Өнөр жай, энергетика жана жер казнасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды.