Он жылдан бери жыландар менен алышкандар

Өткөн дем алышта зарыл иштер менен “Мурас Ордо” жаңы конушуна барып калдым. Ал жакка бир эле маршрутка каттайт экен. 206-каттамды Жаш Гвардия бульварында бир топко чейин күттүм. Акыры келди. Түшсөм, эл жык-жыйма. Карысы да, жашы да, ымыркайы да бар. Баарынын бирден-экиден баштыктары да бар. Кур барбайын деп мен да көтөрүнүп алгам. Жеткенче колум үзүлүп түшөйүн деп калды. Сумкамды алмак-салмак алмаштырып жатканымды бирөө-жарым байкап: “Кел, астыма коюп алайын”,-дейби десем эч ким унчуккан жок. Мен да батынып, отургандарга баштыгымды кармап алгылачы дей алган жокмун. Жерге коюп алайын десем, баштык тургай бут коерго жер жок. Ошондо күн да аябай ысык тийген. Ошончо адамдын деми менен маршрутканын ичи ого бетер ысып кетти. Айтор, тердеп-кургап атып акыры жеттим…

“Мурас Ордо” жаңы конушу мындан 10 жыл мурда негизделген. Тагыраак айтканда, андагы жерлер 2005-жылдан баштап сатыла баштаган. Борбордон 18 км. алыстыкта жайгашкан. Жалпы аянты 145 гектар. Бүгүнкү күндө аталган конушта 2 миңден ашык калк жашайт. 

“Мурас Ордого” барардан 15 күн мурун, ушул жакта жыландар менен чогуу жашаган бир үй-бүлө бар экен деп уккам. Ушунча болду өз көзүм менен көрүп, чынбы калппы биле кетейин деп чечтим. Кудай жалгап, сураштырып отуруп, жылан чыккан үйдү таап алдым. Көчөнүн боюнан алысыраак түшкөн эки бөлмөлүү, чакан үй бак-дарактардын, жийделердин арасынан анча байкалбайт экен. Барсам, үй ээлери жок экен. Шаарга кетип калышыптыр. Коңшу-колоңдору менен таанышып, телефон номурун сурап, чалсам: “Келатабыз, – деп калышты. Ал арада бирин-экин кишилер менен сүйлөшүп, жыландардын чыгар, чыкпасы жөнүндө сурадым. Алардын айрымдары: “Бул үйдүн орду мечитке деп бөлүнгөн жер болчу. Кудайдын үйү боло турган жерге, там салып алышкан. Кудайга жакпаган ишти жасагандыгы үчүн, жыландар чыгып жатат”, – деп жорушса, дагы бирөөлөр үй жыландын уюгунун үстүнө салынып калганын айтышты. Ал эми кээ бир адамдар: “Жылан чыкканы менен, бирөө жарымды чагып алганы жөнүндө уга элекпиз. Балким, алар колдоочу жыландар болушу мүмкүн”, – дешти.

Аңгыча үй ээси Осмонбекова Сабира да келип калды. Колунда жаш баласы бар экен. Экөөбүз ээрчишип үйгө кирдик. Кире бериштеги дубалдын бооруна өлүк жыланды илип коюшуптур. Жаны жок болгону менен жаныбардын сүрү бар эмеспи, чочуп да кеттим. Улагадан аттаганда эле тамдын ар кайсы бурчундагы жамаачылар көзүмө урунду. Көрсө, жылан тешип чыккан жердин баарын ушинтип цементтеп чыгышат экен. Тилекке каршы, бир бурчту бүтөсө, экинчи бурчту тешип чыккан жылан, үйдүн ичинде ээн эркин соймолоп, кээде жууркан төшөктөргө чейин аралап кирип кетерин айткан Сабира: “Кечинде жатарда төшөктөрдү кайра-кайра каккылап, силкип жатып салабыз. Жуурканыбыздын ичине кирип кетип, чагып алабы деп коркобуз”, – дейт. Анын айтымында, уулу төрөлгөндөн бери апасы экөө түндө кезек-кезек менен уктаганга өтүшкөн. “Апам уктаганда мен уктабайм. Мен уктаганда апам уктабайт. Светти күйгүзүп алып, бири-бирибизди кайтарып чыгабыз. Полду дүкүлдөтүп, алакан чаап шум кылып отурсак жыландар тынчып калгандай болот”, – дейт ал.

“Кээде кошуналардыкына уктайбыз. Бирок, дайыма бара берүүдөн уялабыз. Чоңураак жылан чыкканда коңшу жашаган байкелерге чуркап барам. Алар келип өлтүрүп кетет. 10 жылдан бери канча деген жыландын балдарын өлтүрдүк. Кээде туруп коркуп кетем. Жылан өчөшсө жөн койбойт деп коюшат го”, – деген Сабира баарынан дагы баласы үчүн коркконун айтат. Уулун эшикке чыкса эшикке, үйгө кирсе үйгө көтөрүп кирип жанынан чыгарбайт. Маектешим бул үйдө 2005-жылдан бери жашап келатканын айтты. Жыландар деле ошондон бери чыгат экен. Андан кутулуу үчүн бир нече ырым-жырымдарды жасашканы менен эч кандай майнап чыккан эмес. Үйдүн ичине, сыртына тегерете ун чачып, сүт чачып көрүшкөн. Жийделерди жок кылыш керек дегенди угуп, тамдын артындагы бактарды кыйып, дүмүрүн өрттөшкөн. Мышык алып келип багышкан. Бирок, али күнгө чейин жыландардын чыкканы чыккан. “Тилин соймоңдотуп, сес көрсөтөт, ал тургай арбашат. 10 жылдан бери кыштыр-жайдыр жыландар менен алышып күн көрүп келатабыз. Башка жакка көчүп кетип калалы дейбиз. Бара турган жерибиз жок. Батирде жашагыдай жагдайда эмеспиз. Апам оорулуу. Мен да 2-топтогу майыпмын, бутум ишке жарабайт. Дарыгерлер остеомиелит деген диагноз коюшкан. Бул оору сөөктү чиритет экен. Ириң, суу толот. 2-3 жылда бир барып доктурга көрүнүп турганга аракет кылам. Бирок, кээде буга да шартым келбей калат”, – деген Сабира өзүнүн майыптыгы үчүн алган 2 миң сому жана уулуна алган 800 сом пособиеси эч нерсеге жетпегинин айтып өксүк кылат.

Ал мындан бир нече жыл мурда турмушка чыгып, кайын-журту менен келише албагандыктан күйөөсү экөө эки ажырым жолго түшүшкөн. Бул жерди жолдошу экөө чогуу жашап жүргөндө алышып, жакшы ниет менен там салышкан. Жер алып, түндүк көтөргөн менен алар колдоруна бир да бир документ алышкан эмес. Азыр да бирөө жарым: “Бул жер тилкеси меники, бошоткула”, – деп келсе ал үйгө ээлик кылгандарын далилдечү кагаздары жок. Айыл өкмөткө барышса, ал жактан: “Силерге эч кандай документ берилбейт”, – деген жооп угушкан. “Багы жокко дагы жок” болуп үйүнүн документтери бүтпөй же жыландардан кутула албай өлбөстүн күнүн көрүп жаткан бул үй-бүлөнүн жашоо-турмушу чындыгында жан кейитерлик экен. Атасы менен иниси каза болуп калыптыр. Үйлөрүнүн полу топурак боюнча экен. “Кайдыгер карабаган адамдар табылып калса, полубузду цементтеп беришсе, балким жанагылардын чыкканы азаят беле”, – дейт С.Осмонбекова. Ошондой эле, Сабира башкалар сыяктуу таза, тыкан бардык шарты бар жакшынакай үйдө жашоону кыялданганын кошумчалады.

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *