Суббота, 20 апреля, 2024
13.1 C
Бишкек

Чыныгы кесипкөй

Юридика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору Нурлан Турганбекович Шерипов Конституциялык, административдик жана бажы укук жаатындагы мыкты илимий эмгектери, Адам укуктары жана мамлекеттик курулуш жаатында көптөгөн мыйзамдарды жана укуктук ченемдик актыларды жигердүү иштеп чыккандыгы, массалык маалымат каражаттарында (радио, ТВ, гезит, журналдарда) кеңири укуктук түшүндүрмө, маанилүү маалыматтары жана интервьюлары үчүн улуттук тун гезит «Кыргыз Туусу» басма үйү тарабынан 2023-жылдын «Мыкты укук эксперти» деп табылып, атайын төш белги жана диплом менен сыйланды.

Өзүнүн илимий мектебин түздү

Бул тегин жеринен эмес. Нурлан мырза Кыргызстандагы саналуу белгилүү,  күчтүү жана таланттуу юрист-окумуштуулардын бири. Анын юриспруденциядагы илимий иш тажрыйбасы чейрек кылымга жакындоо менен, өз тармагында көзгө басар саналуу адистерден экени талашсыз. Профессор Н. Шерипов өзүнүн кумурскадай эмгекчилдиги жана артка кайтпаган өжөрлүгү менен, жекече илимий изилдөөлөр жана илимий проблемалардын коллективдүү түрдө иштелип чыгышын уюштуруу аркылуу юридикалык илимди жаңы илимий жыйынтыктар менен байыткан. Бул айтканга оңой болгону менен, жеңил-желпи иш эмес. Бул үчүн юристтин диплому, же болбосо мыйзамдын беренелерин кургак жаттап алуу аздык кылат, юридикалык илимге кандайдыр бир жаңылык апкелиш үчүн табият тартуулаган талант, ал мыйзамдарды чечмелеп, түшүндүрө билген аналитикалык шык-жөндөм да керек. Дегенибиз, бизде, Кыргызстанда, сандык жагынан алсак, юристтер кудайга шүгүр эле көбөйүп калды. Асыресе, акыркы 30 жылда юристтин дипломун алгандардын саны аябай эле арбыды.

Бирок, Нурлан мырзага окшоп, мамлекет жана укук теориясы, тарыхы жана мамлекеттик, конституциялык, административдик изилдөөлөр боюнча, өзүнүн белгилүү юридикалык мектебин түптөгөндөр саналуу, дээрлик жокко эсе десе да болот.

Ырасында эле, ал мамлекетибиздеги илим тармагынын өнүгүшүнө өзүнүн зор салымын кошуп келүүдө. Аны илимий коомчулук өзүнүн илимий юридикалык мектебин түптөп негиздеген окумуштуу катары билет. Минтип ишенимдүү айтканыбыз, ал 150дөн ашуун илимий эмгектерден тышкары, ал көптөгөн укук магистранттарды, аспиранттарды жана докторанттарды даярдап чыгарды. Алардын арасынан ондогон магистранттар, 16 аспиранты жана 3 докторанты анын илимий жетекчилигинин астында илимий диссертацияларын ийгиликтүү жакташкан жана укук илимдеринин кандидаты жана доктору илимий даражасына ээ болушкан. Ошону менен өзүнө өзү түйшүк таап, дайыма чыгармачылык жана адистик изденүүдө жүргөн Н,Шерипов бир нече жылдан бери Кыргыз улуттук университетинин жана Кыргызстан Эл аралык университетинин алдындагы юридикалык илимдер боюнча Докторлук диссертациялык кеңешти ийгиликтүү жетектеп келген. Ал жетектеген 2015-2017 жылдары Кыргызстандан жана чет өлкөлөрдөн көптөгөн жөндөмдүү юрист окумуштуулар өздөрүнүн диссертацияларын ийгиликтүү жакташкан.

Укук илим жаатында биринчилерден

Ал мамлекет жана укук теориясы жана тарыхы, конституциялык, административдик, салык, каржы, бажы, жер, экология укугу тармактарындагы ири илимий эмгектерди жазуу менен, өзүнүн теориялык билиминин тереңдигин, күчтүү теоретик окумуштуу экенин көрсөтсө, 100дөн ашык мыйзамдарды жана ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга катышуу менен дасыккан практик юрист экенин далилдеди.

Мырза Н. Шерипов Кыргызстандын тарыхында биринчилерден болуп административдик укук жаатындагы доктордук диссертацияны коргогон. Бул КМШ өлкөлөрүнүн юридикалык илиминде таанылган административдик-укуктук ири изилдөө болуп саналат. Нурлан Шериповдун кесиптештери докторлук диссертация аркылуу Кыргызстанда укук илиминде биринчи жолу суверендүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, мамлекеттик башкаруу, өзгөчө мамлекеттик кызматты терең, ар тараптуу изил-деген окумуштуу болгонун белгилешет.

Анын юридикалык ар кандай маселелерге арналган эмгектери Кыргызстанда, чет мамлекеттерде басылып чыккан. Таланттуу окумуштуунун илимий макалалары көп сандаган: Россия, Тажикстан, Казакстан, Кыргызстан ж.б. мамлекеттердин белгилүү жана алдыңкы журналдарында жарыяланган. Анын ичинде «Мамлекет жана Укук» (Мос-ква, РАН РФ), «Россия юридикалык журналы» (Екатеринбург, Ургюу), «Вестник Москва университети ИИМ РФ» (Москва, Университет ИИМ РФ), «Вестник Воронеж мамлекеттик университети» (Воронеж, ВГУ), «Вестник Кыргыз Улуттук Университети» (Бишкек, КУУ) ж. б. эң белгилүү илимий юридикалык журналдарда жарыяланып, адистер тарабынан зор кызыгуу жараткан.

Анын монографияларын, окуу китептерин жана окуу куралдарын студенттер эле эмес, ошондой эле, магистранттар, аспиранттар, докторанттар жана практиктер кеңири колдонушат. Анын илимий макалалары, монографиялары, илимий-практикалык комментарийлери-биздин өлкөдө жана чет өлкөлөрдө көп цитаталанган изилдөөлөр болуп саналат.

Анын «Конституциялык укук», «Административдик укук», «Бажы укугу» китептери Кыргызстанда азыр эң окулган укук китептерден.  Бардык студенттер, магистранттар, аспирант, докторанттар гана эмес практик юристтер үчүн да күндө колдонулган популярдуу жана керектүү китептерден. Анын кесиптештер менен бирге жазган укук боюнча орус-кыргыз сөздүгү укук тармагында иштегендер үчүн азыр абдан баалуу жана жумушта күндө колдонуучу китептерден эсептелинет.

Белгилей кетсек, Н.Шерипов өзүнүн окуучулары менен мамлекеттик башкаруу, мамлекеттик кызмат жана аткаруу бийлик органдарынын укуктук абалы боюнча концептуалдык маселелерди изилдеп, иликтейт. Ал бир гана укук чөйрөсүндөгү фундаменталдык теориялык изилдөөлөрдү жүргүзбөстөн, ошондой эле изилдөөлөрдүн жыйынтыктары укук колдонуу жана укук жаратуу иштеринде ишке ашырууга аракет кылат.

Алдыңкы укук эксперти катары профессор Нурлан Шерипов 20 жылдан ашуун көптөгөн маанилүү мыйзамдарды жана укуктук ченемдерди иштеп чыгууга жигердүү катышып мамлекеттин жана укук системасынын өнүгүүсүнө бараандуу салым кошуп келет.

Юрист катары 100дөн ашык мыйзамдарды жана ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга катышкан. 2001-2005-жылдары КР өкмөтүнө караштуу мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөсү болгон. КР Борбордук шайлоо комиссиясында юридикалык багыт жана ченем жаратуу иш аракетине жетекчилик кылган (2010-2011-ж.). «Өкмөт жөнүндө» конституциялык мыйзамдын, «Мамлекеттик кызмат жөнүндө», «Билим берүү жөнүндө», «Мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө»  мыйзамдарын, «КР Шайлоо Кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө», «КР Бажы кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө» (2006-2009-ж.) мыйзамдарын иштеп чыгууга жигердүү катышкан. Мамлекеттик кызмат боюнча эксперт катары КР Мамкызматын реформалоо концепциясын иштеп чыгууга тартылган (2009-ж.). КР мамлекеттик кызматын модернизациялоо концепциясын (2010-ж.), сот реформасынын концепциясын (2012-ж.), КР Кылмыш-Жаза Кодексинин долбоорун, КР мамлекеттик менчигин башкарууну реформалоо концепциясын жана Жоруктар жөнүндө Кодекстин долбоорун (2013-ж.) иштеп чыгууга жумушчу топтун расмий мүчөсү катары жигердүү катышкан. Миграциялык саясат концепциясын жана бир катар мыйзамдарды, миграция жаатындагы ченемдик укуктук актыларды (2016-2019-ж.) иштеп чыгууга катышкан. Баткен облусунун өзгөчө статусу жөнүндө 5 мыйзамды иштеп чыгууга жана ЖКда кароого жумушчу топтун мүчөсү катары 2021-жылдын апрель-июль айларында жигердүү катышкан. 2021-2035-жылдарга Баткен облусун өнүктүрүү Программасын жана аны ишке ашыруу боюнча Жол Картасын иштеп чыгууга 2021-жылдын апрель-октябрь айларында жумушчу топтун жетекчилеринин бири катары жигердүү катышкан. Албетте азыркы Конституцияны иштеп чыгууда профессор Шерипов көптөгөн прогрессивдүү, демократиялык жана актуалдуу укук ченемдерди, өзгөчө адам укуктары жана эркиндиктери боюнча  сунуштоого жана киргизүүгө жетишкен.

Жаштыктын деми, логиканын курчтугу…

Акыркы жылдарда илим, илимий карьера арткы планга сүрүлүп, көптөр кызматтык карьеранын артынан кууп калышпадыбы. Алардын арасында турмуш-тириликти алдыңкы планга коюп, бизнеске, жеке ишкерликке өтүп кеткендер аз эмес. Нурлан Шерипов өз муунундагылардан айырмаланып, илимдин артынан түштү. 26 жашында юридика илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын жактаса, 34 жашында докторлук диссертациясын жактады. Болгондо да, кандидаттык жана докторлук диссертацияларын Россиянын атактуу университетинде жактап, РФнын Жогорку аттестациялык комиссиясы кандидаттык, докторлук окумуштуулук даражасын ыйгарган. Ал эми КР ЖАК тарабынан 2006-жылы «укук таануунун доценти», 2012-жылы «укук таануу профессору» окумуштуулук наамы ыйгарылган.  Мунун өзү анын тандап алган адистикке болгон чын дилден берилүүсүн, алдына максат койсо, артынан көшөрө кууп, тиешелүү жыйынтыктарга жетмейин артка кайтпастыгын көрсөтөт.

Ал 2021-жылы 5-августта 44 жашында юридикалык илимдеги зор жана өзгөчө жетишкендиктери үчүн КР УИАнын мүчө-корреспонденти болуп шайланган. Профессор Н.Шерипов – Улуттук илимдер академиясынын эң жаш мүчөлөрүнүн бири.

Илимдер академиясына мүчөлүк үчүн күрөштө өтө курч жана татаал конкурсту башынан кечирди. Профессор Н.Шерипов ондогон окумуштуулардын арасында өзүнүн зор илимий эмгектери, күчтүү илимий мектеби, жасаган көптөгөн илимий актуалдуу изилдөөлөрү үчүн академиянын анык мүчөлөрүнүн бийик баасына ээ болуп, мыкты баллдарды алуу менен татыктуу колдоосуна ээ болду.

Куштун кош канатындай…

Нурлан Шерипов – чыныгы кесипкөй, күчтүү теоретик, дасыккан практик. Ал илим, билим менен мамкызматты куштун канатында чогуу ала жүрдү. Мында анын терең теориялык даярдыгы, профессионалдуу потенциалы жана жогору деңгээлдеги уюштуруучулук жөндөмү ага өз ишин чыгармачылык жана ак ниеттүүлүк менен аткаруусуна өбөлгө болду. Кызматтык милдеттерин аткарууда, татаал жана жоопкерчиликтүү чечимдерди кабыл алууда кесипкөй адис окумуштуу, демилгелүү жетекчи экенин далилдей алды.

Студенттер жана магистранттар Нурлан Шериповдун лектор катары күчтүү чечендик сапаттарын, анын баяндамаларынын мазмунуна жогору баа беришет. Анын лекциялары абдан кызыктуу, мазмундуу жана өзгөчө болгондуктан, белгилүү университеттердин чакыруусу менен Кыргызстанда гана эмес, АКШ, Озбекстан, Казакстан, Орусия ж.б. өлкөлөрдө меймандык лекцияларды окуп келет. Анын дагы бир артыкчылыгы  баяндамаларын кыргыз, орус жана англис тилдеринде окуйт жана бул үч тилде бирдей ойлонот, жазат, окуйт жана лекция, баяндамаларды жасайт.

Эл аралык деңгээлдеги ийгиликтери

Баса, Н.Шерипов Фулбрайттын эң абройлуу илимий программаларынын бири боюнча 2019-2020-жылдары АКШдагы конституциялык жана административдик укук жаатында 1 жыл бою мамлекеттик башкаруу жана мамкызмат боюнча фундаменталдуу илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп келген. АКШнын Индиана жана Миннесота университеттеринде илимий-практикалык конференцияларда Америка Кошмо Штаттарынын жана Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу жана мамкызмат көйгөйлөрү жөнүндө салыштырмалуу укуктук баяндама жана презентация жасаган. Анын бул баяндамалары жана презентациялар аталган илимий конференцияларда чоң талаш-тартышты жаратканын да белгилей кетели.

Ал көптөгөн эл аралык илимий-практикалык конференцияларда, семинарларда жана тегерек столдордо: анын ичинде Америка Кошмо Штаттары, Италия, Польша, Швейцария, Кытай, Малайзия, Түркия, Россия, Белоруссия, Молдовада, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстанда өткөрүлчү парламентаризм, аткаруу бийлиги, мамлекеттик башкаруу, мамлекеттик кызмат, миграция, билим берүү жана экология маселелери боюнча илимий баяндамаларды жасаган. Анын конференция жана семинарларда жасаган илимий докладдары жана билдирүүлөрү катышуучулар тарабынан жылуу кабыл алынып көптөгөн дискуссияларды жараткан.

«Кыргыз Туусу» гезити Нурлан Шериповду учурдагы эң күчтүү, белгилүү жана таланттуу юрист-окумуштуулардын бири катары таа-ныйт жана ал укук жаатындагы урунттуу маселелерде дайыма өз пикирлерин ачык билдирүү менен, укуктук ченемдик актыларды иштеп чыгууда, илимий изилдөө жүргүзүүдө, коомчулуктун укуктук сабатын көтөрүүгө зор салымын кошо берет деп ишенет.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
«Кыргыз Туусу»

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар