Футбол-2018: Англия Швеция менен кездешет

Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатынын алкагында Англия менен Колумбия курама командасы кездешти. Анда оюн эсеби негизги убакытта 1:1 болуп, пенальтиден Англия 4:3 эсебинде алга чыкты.

Натыйжада Англия чейрек финалда Швеция менен ойнойт. Кечээ Швеция 1:0 эсебинде Швейцарияны утуп алган.

Чейрек финалда ойной турган жуптар: Уругвай – Франция, Бразилия – Бельгия, Швеция – Англия жана Орусия – Хорватия.