Токтогулдун форелин чет өлкөгө экспорттоону көздөгөн ишкер

Вера БЕДЕЛБЕК, «Кыргыз Туусу»


Быйыл Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен аймактардагы инфратүзүмдөрдү өнүктүрүүгө басым жасалууда. Элибиз эгемендүүлүктү алгандан тартып, элет жеринин жашоосун жакшыртуу менен сапаттуу тейлөө көрсөтүү багытында ишкерликти колго алгандар арбыды. Буга чейин айыл жеринде атайын көлмө жасап, балык өстүрүү деген дээрлик болгон эмес. Учурда балык өстүрүү кирешелүү тармактардын бири болгондуктан республиканын бардык аймактарында бул багытта ишкердик менен алектенгендер бар. Токтогул районундагы Торкен айылынын тургуну Артур Эгембердиев өз алдынча балык чарбасын ачып, бир нече адамды жумуш менен камсыздап, жасаган ишинен аздыр-көптүр киреше таап келет. Ал келечекте көпчүлүктү тамшанткан Токтогулдун форелин көбөйтүп, экспортко алып чыксам деген тилеги бар экенин айтты.

– Артур мырза, айылда балык өстүрүү менен алектенип жатыптырсың, демилгең үзүрүн берип

жатабы?

– Райондун эли, анын ичинде биздин айылдын жашоочулары алгач эгемендик алган мезгилдеги тартышчылык убагында көлдөн балык уулап, тиричилик кылышчу. Бири кармашса, бири Ош – Бишкек жолуна алып чыгып, аны сатуу менен оокат кылышчу. Мындай көрүнүштөрдөн улам ал жылдарда көлдө балыктын түрү да азайып кеткен. Ошол убакта жер-жерлерде азыркыдай балык чарбачылыгы менен иш алып баргандар дээрлик жок эле. Андыктан биз өзүбүздүн райондо балык чарбасын уюштуруу зарылдыгы бар экендигин түшүнүп, демилгелеп чыкканбыз. Акырындык менен ал мүдөөбүздү иш жүзүнө ашырдык. Алгач бул багытта атайын адистер жер-жерлерде тренингдерди өткөрүп, көлмөлөрдү куруп, балык чарбасын кантип иштетүү керектигин үйрөтүшкөн. Биз алардан окуп, үйрөнгөндөн кийин көлмөлөрдү куруп, 2013-жылы райондо атайын 2 коомдук бирикме уюштурганбыз. Анан 2015-жылы балыкты өстүрүү максатында атайын инкубатордук цех курдук. Учурда ал цехибиз иштеп жатат. 3 жылдан бери балык багуу менен алектенип келатабыз. Мээнетибиз кайтып, үзүрүн көрүп баштадык. Албетте, кыйынчылыктар да, мүчүлүштүктөр да болбой койгон жок. Алгач көлмөлөрүбүздү туура эмес куруп алып, балыктарыбызды качырып жиберген учурларыбыз болгон. Өз алдыбызча аракет кылып олтуруп, азыр бир кыйла такшалып калдык. Быйыл цехибизди кеңейтип, ири өлчөмдө балык өндүрүүнү көздөп жатабыз.

– Айыл жеринде балыктын өтүмдүүлүгү кандай?

– Элдин балыкка болгон суроо-талабы жогору. Буга чейин айыл эли чогулганда жалаң эле кой союп жей турган болсо, азыр балык да сый тамак катары столго коюлуп калды. Андыктан балыкка болгон суроо-талап жакшы эле. 5-6 адам чогула калганда 10 кгдан балык алып жешет. Ошондой эле кыз узатуу, келин алуу сыяктуу той-топурларда балыкка суроо-талап өзгөчө. Мындан сырткары кардарларыбыз биздин көлмөдөн Алайга, Аксыга 200 кг. чейин балык алып кетип турушат. Биздин чарбабыз чакан болгондуктан элдин талабын жеткиликтүү канааттандырууга жетише албай жатабыз.

– Балыктын канча түрүн өстүрөсүңөр?

– Азырынча сазан менен форель балыгын өстүрүүдөбүз. Элдин суроо-талабы балыктын бул эки түрүнө тең бирдей.Кайсынысы болсо да ала беришет. Ош – Бишкек жолунун жээгине чыгарылып сатылгандыктан өтүмдүүлүгү жогору. Айыл эли буга чейин башка жактардан балыкты атайын алдырып келишсе, азыр өзүбүздө өндүрүлөт. Жылына 5 тоннага чейин балык өндүрүп жатабыз.

– Силер баккан форель менен Токтогул форелинин айырмасы эмнеде?

– Токтогулдун форели даамдуулугу менен башка балыктардан айырмаланат. Бирок, ал азыр жок болуп жатат. Анын 1кг эле 600 сом же андан да жогору турат. Ал эми биз өстүргөн форелдин баасы 380 сом. Эл «экөөнүн даамы бирдей эле, айырма болсо да аз» дешет.

– Эмгек жамаатыңарда канча адам иштейт?

– Коомдук бирикмени негиздөөчү жамаат болуп жалпы 8 адам такай иштейбиз. Район боюнча 23 мүчөбүз бар. Алар бизден маалымат алып турушат.

– Бир көлмөдө канча балык багылат? Балыкты өстүрүп, көбөйтүүдө кантип эсептейсиңер?

– Алгач башында көлмөлөргө саналып кое берилет. Ан-дан кийин убакыттын өтүшү менен салмактарын таразалап турабыз. Орточо салмагына жараша жемин беребиз. Балыктарды тамактандырууда жемди ашык же кем берүүгө болбойт. Ошондуктан аларды эсептөөгө туура келет.

– Балыктын жемин кайдан аласыңар?

– Келишимдин негизинде Европадан алабыз. Кээде форелдердин жеми түгөнүп калганда өзүбүз жасоого туура келет. Кыргызстандын аймагындагы балык чарбаларынын бардыгы балыктын жемин чет өлкөлөрдөн алышат. Анткени чет өлкөлөрдөн алынган жемдердин курамы байытылгандыктан балыкты жакшы өстүрөт. Биз өстүрүп жаткан форель балыгы жемди көп талап кылат. Табиятта балыктар кенен сууда каалагандай жемин өздөрү таап жесе, биз баккан форелдер бир чакан көлмөгө салынып жатат. Алар көлмөдөгү азыкты бир заматта эле түгөтүп коюшат.

– Балыктар тез эле чоңоебу? Алардын өсүүдөгү салмагы канча кг чейин жетет?

– Радужный деген форелди бир жылда бир кг салмакка чейин өстүрүүгө болот. Ал балык тез чоңоюучу балыктын түрүнө кирет. Кыргызстан бул балыктарды Даниядан, Финляндиядан алат. Биз икрасын алып келип азырак өндүрүп көргөнбүз. Икрадан сазан  балыгын  көбөйтүүгө  болот. Ал эми радужный форелин Кыр-гызстан боюнча көбөйтө алышпайт.  Муну  өстүрүү  абдан  эле түйшүктүү.

– Токтогулдун форелин көбөйтүп, өстүрүп чет өлкөгө экспорттосо болобу?

–  Албетте,  болот.  Келечекке карата ушундай пландарыбыз бар. Анткени балык чарбачылыгы боюнча  Кыргызстанда  жакшы шарттар түзүлгөнү жатат. Бул максатты ишке ашырыш үчүн башка аймактардагы балык өстүргөн чарбалар менен биригип, анан чет жакка чыгарсак болот. Биз коомдук бирикмебизди да «Токтогул балыгы» деп атаганбыз…