Ош шаарынын мэрин тандоо 18-июлга белгиленди

Ош шаарынын мэрин тандоо 18-июлга белгиленди. Тиешелүү токтомду Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Мэр Ош шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан тандалат. Аймактык шайлоо комиссиясына өлкө мыйзамына ылайык шайлоо өткөрүүнү уюштуруу тапшырылган.

Эске сала кетсек, 3-июлда өкмөт башчы кол койгон буйрукка ылайык, Айтмамат Кадырбаев Ош шаарынын мэри кызматынан бошотулган.