Кыргызстандын төө буурчагын Россия сатып алгысы келет

Кыргызстанда өндүрүлгөн төө буурчактын 50% Россия сатып алгысы келет. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда  айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев Өкмөт жыйынында билдирди.

Анын айтымында, кыргыз жер-жемиши менен жашылчалар негизинен Россия менен Казакстанга экспорттолот. Министр билдиргендей, өткөн жылы Кыргызстанда өндүрүлгөн төө буурчактын 30% Орусия сатып алган. Төө буурчак андан тышкары Түркияга жана Европага сатылган.

Ал эми премьер-министр Сооронбай Жээнбеков быйылкы жылы жер-жемиш менен жашылчанын аянты 10 миң гектарга көбөйтүлгөнүн айтты. Өкмөт башчы бул 2016-жылы жашылча, жер-жемиштердин экспорту көбөйгөнүн билдирерин кошумчалады.

Жыйында өкмөт башчы министр Нурбек Мурашевге айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүчүлөргө жана логистикалык борборлор үчүн 6% насыянын көлөмүн көбөйтүүнү тапшырды.