Лейлекте май куюучу жайдан өрт чыгып, төрт киши жараат алды

Лейлек районундагы Бешкен айыл аймагына караштуу Жаштык айылында жайгашкан май куюучу жайда өрт чыгып, 4 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кырсык 4-июль күнү кечинде болгон. Өрттү өчүрүүгө Тажикстандын үч өрт өчүрүүчү бөлүмү тартылган. Тилсиз жоо саат 22:40дарда чектөөгө алынып, 5.25те толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен май куюучу станциянын кеңсеси, беш фура, эки газ ташуучу унаа, эки Sprinter, бир жеңил унаа күйгөн. Мындан сырткары, бир кыргызстандык, үч тажикстандык жаран жабыркаган. Өрттөн жабыркаган 55 жаштагы кыргызстандык киши Кулунду айылындагы ооруканага жаткырылды.

Ушу тапта өрттүн себеби жана материалдык чыгымдар такталып жатат.