Чувашияда жол кырсыгынан 3 кыргыз жараны каза болуп, 2 жаракат алды

Кечээ, 4-июль күнү, Россияда жол кырсыгы болуп, анын кесепетинде үч кыргызстандык каза тапканын полицияга шилтеме берүү менен Кыргызстандын РФтеги элчилиги билдирди.

Маалыматка караганда, окуя Чувашия республикасынын Козловский районунда болгон.

«Унаа кырсыгынын кесепетинен эки адам жабыркап, үч адам каза болгонун тастыкташты. Көз жумгандардын бардыгы кыргызстандыктар болуп чыкты. Бири 24 жашта болсо, экөө беш жана алты жаштагы наристелер экен», — деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

Иликтөө иштери башталганы айтылды.