Молдомуса Конгантиевдин иши кыскартылды

Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге козголгон кылмыш иши кыскартылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди.

Маалыматка караганда, кылмыш иши кылмыштын курамы жок болгондуктан кыскартылган.

Айта кетсек, Молдомуса Конгантиевге 2010-жылдагы Апрель окуясында кызматтык ыйгарым укуктардан аша чапкандыгы үчүн айыпталган. Ал 2010-жылы апрель окуясынан кийин өлкөдөн чыгып кеткен, кийин Орусиянын аймагында кармалып, 2010-жылдын 26-апрелинде Кыргыз мамлекетине өткөрүлүп берилген.