Бишкекте алты жеңил унаа кагылышып, кичинекей бала жабыркады

Бишкектеги Гагарин жана Шота Руставели көчөлөрүнүн кесилишинде алты жеңил унаа кагылышып, кичинекей бала жабыркады. Бул трууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 4-июлда болжол менен саат 15:10до катталган. Унаалардын көбү Гагарин көчөсүндө жол боюнда токтоп турган.

Кырсыктын натыйжасында №3 балдар ооруканасына анча оор эмес жаракаты менен кичинекей бала жеткирилген. Ал эми келтирилген чыгым боюнча айдоочулар өз ара мкулдашып алышкан.