Көлдө 13 жашар кызды зордуктоого аркет кылды деп шектелген жаран кармалды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 13 жашар кызды зордуктоого аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-июлда 13 жашар кыздын атасы арыз менен кайрылган. Арызда атасы кызын айылдашы Э.Т. аттуу жаран унаасына салып алып, зордуктоого аракет көргөнүн жазган.

Бул факт боюнча ыкчам иликтөө тобу шектүү катары 1976-жылы туулган жаран кармалган.

Кыздын берген көрсөтмөсүнө ылайык,  шектүү буга чейин аны зордуктаганын билдирген. Учурда бул боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 3-бөлүмүнүн 1-пункту менен (жашы жете элек кызды зордуктоо) кылмыш иши козголду.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.