Үмүтай АБДЫШОВА: “Комузум экөөбүз дүйнө кыдырып саякаттасак деген кыялым бар”

Маектешкен Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”


Алгач интернет айдыңында салттуу музыка менен эстраданы айкалыштырып, жагымдуу үнү, таланты менен интернет колдонуучуларга, андан кийин жалпы журтка таланты менен таанылган ырчы кыз Үмүтай Абдышова менен маек.

 – Акыркы учурда интернетте “Албарсты”, “Слезы текли” деген сыяктуу хиттер чыгууда…

– Бул “атың чыкпаса, жер өрттө” деген сыяктуу эле болуп жатат. Мындай нерсе көп барктала бербейт. А өзүм фольклордук жана эстрадалык чыгармаларда ырдай берем. Анткени бир эле багыт менен чектелип калганда көп суроо-талап боло бербейт. Учурда мени комуз менен ырдайт, жар-жар айтат деп тойлорго чакыра беришет.

– Тойлор деп калдык , акыркы учурда ырчылар сахнадан тойго “түшүп” кетишти?..

– Эми ырчылык кесип сахна менен эле чектелбейт. Биз ошону менен нан таап жейбиз. Ошондуктан тойго “түшүп” кетти деген болбойт. Кичинекей кезимден эле үй тойлордон өстүм десем болот. Эми минтип чоң сахнага келе алдым.

– Маанай түшүп же ооруп турганда ырдаган учурлар болду беле?

– Өзү чыгармачыл адамдар абдан сезимтал, кичине эле нерсеге капа болуп кала беришет. Мен да болбогон эле сөзгө капа болуп, көңүлүм түшүп калат. Аябай жашыкмын. Анан албетте, сүйүү жаатында, үй-бүлө жаатында өксүк, капачылык, кемчилик болсо, комуз менен кайгылуу ырларды ырдап, ал эми ооруп жаткан учурларда чакырык болуп калса, дароо эле даяр болуп жөнөп калам. Себеби ырдап өзүмдү “дарылап” алам.

– Ырчылык бала ке зден кыялданган кыялбы же кийин эле пайда болгон кесибиңизби?

– Ар бир адамдын кыялы болот. Таятам окумуштуу, илимге кызыккан адам болчу. Күн сайын теледен жаңылыктарды үзбөй көрүп, диктор болсоң кана деп калчу. Кийин Манас университетине тапшырып калдым. Ырчылык бул бала кезимден болгон кыялым экенине карабастан, Манас университетине мажбурлоо иретинде тапшыртып салгандыктан, кийин искусство институтунун дастанчылык бөлүмүнө тапшыргам. Анткени бала кезден эле ырчы болууну кыялданчумун. Ал тургай үнүм жетпеген ырларды деле ырдай берчүмүн.

Теле алып баруучу Салтанат САМАТОВА: «Жакшы адамдар дүйнөнү жарык кылат»

– Өтүп кеткен жылда кандай жетишкендиктерге жете алдыңыз?

– Кичине кезимден ырдап жүргөнүмө карабастан, чоң сахнага чыккан эмесмин. Биринчи жолу 9-классымда Роза Аманова уюштурган “Чабыт” деген долбоорго катышкам. Ошол мен үчүн чоң сахна болуп эсептелип келген.

Ал эми өткөн жылда чыгармачылык жамаат менен Кытай жергесинде гастролдоп жүрдүм. Учурда профессионал деңгээлдеги ырларды жаздырдым. Жалпысынан 40ка жакын ыр болуп калды. Ошондой

эле клип тарттырайын деп жатам. Бир апта мурун “Кызыл гүл болуп жайнайсың” деген элдик жана сөзү, обону Чыңгыз Турдубековго таандык “Бакытым” деген эки ырга клип тарттык. Өзүм элдик өнөрдүн ээси болгондуктан а дегенде элдик ырга Кыргызстандын кооз жаратылышын даңазалап, улуттук кийимдер менен салттык музыкага клип тартып келдик. Ошондой эле таптакыр башкача кылып заманбап чач жасалга, кийимдер менен кылып эки клип тартып келдик.

– Жогоруда акын тууралуу кеп болуп кетти. Ыр тандап жатканда эмнеге көңүл бөлөсүз? Кайсы акын, обончулар менен иштешесиз?

– Өзүм текстин мазмунуна аябай маани берем. Ошондуктан, текст издеп жүрө берем. Жыпар Исабаева эженин ырларын жана китепканага барганда башка ыр китептерди окуп жүрө берем. Жогоруда кеп болгон Чыңгыз Турдубеков деген гитарист, обончу, 300гө жакын обону бар жигит. Өзү текстин да жазат.

Дагы Калича Жакыпова деген эже менен иштешем. Калича эженин “Эйфория” деген китеби колго тийип калып, ал китептеги “Көздөгү сыр” деген текстке көзүм түшкөн. Ал элге көтөрүлүп чыкпаган көмүскө тексттердин бири десем болот. Анткени анда берилген сезимдер көпчүлүккө жакын. Буюрса, азыр Бакыт Сейталиев деген обончу менен да иштешсем деп жатам. Анан, албетте, Муратбек Бегалиев агайыбыздын “Ысык-Көлдү сагынуу” деген ыры бар репертуарымда.

– Ушул жылы Нооруз майрамында комуз менен түркчө ырдаганыңызды угуп калдык эле. Ошондой ырларды аткарасызбы, же ал “өзгөчө” учур беле?

– Негизи радиого барганда башка тилдерде ырдоого чек коюлат. Бирок ошол жерден сиз айткандай “өзгөчө” учур болуп калган. Ал жердегилер, жетекчиликтен ушул ыр жакшы деп руксат алып келишип

суранышкандыктан түркчө “Оф-оф” деген ырды ырдатышкан. Кечээ жакында эле “Миң кыял” радиосуна барсам, ошол ырды суранышып, ырдап бердим. Негизи даярдап барган ырымды ырдай албай калам (күлүп). Казактардын да керемет ырлары да бар, мүмкүнчүлүк болгондо которуп, ырдап койсомбу дейм. А бирок учурда түп нускасында ырдап жатам.

– Айланып келип, кепти жеке жашоого бурсак. Учурда жеке жашооңузда кандай жаңылыктар бар?

– Ошол “Марал” радиосун толук уккан болсоңуз, “Сүмөлөк кайнатып жатып ушул жазда эмне тиледиңиз?” – деген суроого “25 жылдан бери сүйүү тилеп келем. Эгерде ушул жазда сүйүү келбесе, ушул жазга таарынам”, – деп айтканым бар. Таарынгыдай эле болуп калдым (күлүп). А чынында таза тунук сезимди күтүп жүрөм.

Президенттин учкучу Исмаилов: өлкө башчы ар дайым экипаждын ал-жайын сурайт

– Кайрадан чыгармачылыкка кайтып келсек, кайсы дастандарды аткарасыз?

– “Олжобай менен Кишимжан” сүйүктүү дастаным. Кичине кезимден Роза Аманова эжени кумир тутчумун. Анткени ал салттуу музыкага эбегейсиз салым кошкон адам. Анын үстүнө жогоруда айтып өткөндөй алгачкы жолу сахнага алып чыккандыктан, устатым катары да сезип калгам. Анын шакирти Мээрим Карыповадан бир

жыл окуп чыктым. “Олжобай менен Кишимжанды” ушул устатымдан үйрөнгөм. Окуучу кезимде кыргыз тил, адабиятчы Салкын деген мугалимим Жеңижоктун “Балам жок” деген ырын үйрөткөн. Андан тышкары, жанагы ашыктык-арман ырлары “Көк сулуу”, “Гүзал кыз” деген ырларды аткарам.

– Өнөрдү өркүндөткөнгө жардам берген устаттарыңызды айттык. Ал эми сизге комуз кармоого түрткү берген адам ким болду эле?

– Апам чыгармачыл адам. Балыкчы шаардык балдар билим борборунун жетекчиси. Бир аз комузда ойночу. Кийин 7-класс кезимде апамдын устаты Максүт Жунушакунов деген агайдан сабак алгам. Ал адам 50-60ка жакын күүнү черткенди үйрөтүптүр. Учурда Балыкчы шаардык музыкалык мектепте эмгектенип жүрөт. Ошол агайыма миң мертебе ыраазымын. Ошонун аркасында бир кыйла жетишкендиктерге жеттим.

– Ийгиликке жетиш үчүн бир пайыз талант анан 99 пайыз эмгек деп коюшат го?..

– Абдан туура айтылган сөз. Мен азыркы учурга караганда бала кезимде тырышчаак экенмин. Маселен, бир эле ыр угуп калсам, аны издеп таап жаттап алчумун. Ал эми учурда жаттасам деле, кайталап турбасам унутуп калам. Ошондуктан балдарымды кийин бала кезинен эмгекчилдикке тарбиялайм деп жүрөм.

– Чоңойгон сайын бала кезден келе жаткан кыялдар өзгөрөт эмеспи. Сиздин кыялдар да өзгөрдүбү?

– Бала кездеги кыялдарыма жеттим. Туура максат коюп, пландап, ошол максатка карай эмгектене берсе жетесиң. Жеткениңди да билбей калат экенсиң. Ал эми учурдагы комузум экөөбүз дүйнө кыдырып саякаттасак деген кыялым бар.

Үмүтай АБДЫШОВА: “Комузум экөөбүз дүйнө кыдырып саякаттасак деген кыялым бар”: 2 комментария

Комментарии запрещены.