Россия командасы жарым финалга чыкпай калды

Россияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын чейрек финалында Хорватия менен Россиянын курама командалары арасында оюн өттү.

Оюндун 31-мүнөтүндө Черышевдин узактан тепкен тобу голго айланды. 39-мүнөтүндө Манджукичтин чыгарган тобун Крамарич башы менен сүзүп гол жаратты. Эсеп 1:1 менен бүткөндүктөн экстра тайм берилди.

Экстра таймдын 100-мүнөтүндө бурчтан көтөрүлгөн топту хорватиялык Вида башы менен сүзүп өз командасын алдыга чыгарды. 115-мүнөтүндө айып соккусу белгиленип, Дзагоевдин көтөргөн тобун Фернандес сүзүп эсепти 2:2ге айлантты.

Пенальтиде Акинфеев менен Хорватиянын дарбазачысы Субашич бир-бирден топту тосушту. Бирок, Россиянын оюнчусу Фернандес тепкен тобу дарбазанын сыртынан өтүп, пенальти 4:3 эсебинде аяктады. Натыйжада Хорватия жарым финалга жолдомо алды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *