Акжол Махмудов эл аралык турнирде чемпион аталды

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, балбан Акжол Махмудов Стамбул шаарында 4-7-июль күндөрү орун алган «Champions-2018» эл аралык турниринде  77 килограмм салмак ченинде күч сынашкан. Алгач финландиялык балбанды 8:0 эсебинде жеңсе, чейрек финалда азербайжандык спортчуну 5:2 эсебинде уткан. Ал эми чечүүчү беттеште түркиялык балбанды 12:3 эсебинде жеңип чемпион аталган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *