Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин ректору Канат САДЫКОВ: «Жаңы технологиялар менен студенттерге жардам бергенге мүмкүнчүлүк түзөбүз»

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, «Кыргыз Туусу»


– Сиз келгенден бери Улуттук университетте кандай өзгөрүштөр болду?

– Биздин окуу жайда бакалавр, орто кесиптик коледж, магистратура деңгээлдери бар. Ошолорго кабыл алуу жана окутуу жүрүп жатат. Анын ичинен эң негизгиси биз үчүн магистратура. Анткени улуттук университеттин статусу жана анын кафедра иштеринин, факультеттердин илимий потенциалы магистратурага багытталыш керек. Ошондуктан бийигирээк даражадагы магистранттарды даярдоо негизги миссиябыз. Ал эми бакалавр деңгээли башка университеттерде деле бар.

– Университеттин эл аралык байланыштары тууралуу кеп салсаңыз?

– Улуттук университет болгондон улам, ШКУ, КМШ алкагында магистрлик байланыштарды, программаларыбызды башка чоң университеттер менен бирге иш алып баруу максатын койдук. Бул үчүн биз Россиядагы ММУ, Элдердин достугу университети, МГИМО лингвистикалык университети менен чогуу ШКУ, КМШ алкагында келишимдерибизди дагы бир жогорку деңгээлге көтөрө баштадык. Быйыл бизге аймак таануу, юриспруденция, эл аралык байланыштар боюнча магистратурада 51 бюджеттик орун ошол университеттер тарабынан сунушталды.

Андан тышкары биз Шанхайдагы Цсинь университети менен кызматташып, алар бизге эл аралык соода, эл аралык байланыштар боюнча магистрлик программаны чогуу ишке ашыралы деп сунуш кылышты. Биз быйыл юриспруденция, эл аралык соода, эл аралык байланыштар боюнча магистрлик группаларды кабыл алып, аларды биринчи курстан баштап кытай тилине көбүрөөк көңүл буруп окутуу жүргүзөбүз. Төртүнчү курска барганда кытай тилин ийгиликтүү өздөштүрүп, сертификат алышса, магистратурасы Цсинь университеттинин  ушул  эле  багытында улантылат.

Ошондой эле мурда 600дөй магистрлик орун болсо, быйыл 800гө чейин көтөрөлү деп жатабыз.

– Университеттерди аккредитациялоо жаңыча жүргүзүлө баштады деп уктук эле. Ал кандайча жүргүзүлүп, мурдагыдан эмнеси менен айырмаланат экен?

–  Мурда  аттестация  деп  министрлик уюштуруп, бизге башка университеттерден мугалимдерден турган комиссия келчү. Азыр акредитацияга көбүнчө жумуш берүүчүлөр келишет, ал эркин, көз карандысыз болот. Ушу тапта биз он төрт магистрлик багыт боюнча аккредитациядан өттүк. Ошондой эле аккредитация – бул жөн эле баа берүү эмес, кемчиликтерибизди айтып, сунуштарды да беришет. Аккредитация учурунда алар бүтүрүүчүлөр арасында   сурамжылоо  жүргүзүшөт.  Андан кийин жумуш берүүчүлөрдөн дагы сурамжылоо жүргүзүп, анан бизге баа беришет. Алар университетте теориялык билимберүүнү жакшы деп баалашты. Бирок мамлекеттик, орус тил же чет тил жана жаңы компьютердик илимдер жагындагы практикалык иштер боюнча кемчилик бар экенин айтышты. Азыркы стратегиялык багытыбызды жакшы деңгээлге чыгарабыз деген ойдобуз.

– Билим берүү тармагында коррупция көйгөй жаратып келет. Улуттук университетте бул көйгөйлөрү кандай жолдор менен чечилүүдө?

– Дистанттык технология, күндүзгүдөн сырткары кечки же болбосо сырттан окугандарда кээ бир учурларда кемчилик бар. Ошондуктан жаңы дистанттык компьютердик технологияларды киргиздик. Электрондук системага толук өтүш үчүн каражаттарды жумшадык. Натыйжада бир топ жаңылануу болуп жатканын байкасак болот. Окуу иштерин көзөмөлдөөдө ошол эле дистанттык технологияларды толук кандуу колдонууда мүмкүнчүлүктөр пайда болду. Муну менен бирге эле жаңы күчтүү серверлер сатылып алынды. Кээ бир учурларда сабактарга катыша албай калган студенттерге электрондук базаларга кирип, билимин толуктап алганга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Андан тышкары жайкы сессия деген түшүнүк киргиздик. Себеби, бакалаврда окуган студенттер көбүнчө иштешет экен. Мунун натыйжасында кээ бир сабактарга келе албай сессия учурунда тапшырбаган сабактары көп болуп калат экен. Мунун баары коррупциялык жолдорго түртпөшү үчүн ушундай ыкма киргиздик.

Эгер студенттин кышкы сессиядан калган сабактары отуз кредиттен ашпаса, жайкы семестрге жазылып, кадимкидей лекцияларын угуп, экзамен тапшырууга мүмкүнчүлүк түзүп бердик. Коррупцияга түрткөн нерселериушинтип жоюп, жаңы технологиялар менен окуучуларга жардам бергенге мүмкүнчүлүк түзөбүз.

– Университеттин ишин баалоодо изилдөө жаатына да абдан маани берилет эмеспи. Бул багыттарда кандай жылыштар болуп жатат?

– Улуттук университетте стратегиялык өнүгүүсү – жалаң эле окуу процессти уюштурууда эмес, илимий изилдөө иштерди да ийгиликтүү алып баруу. Бул үчүн биз изилдөө борборун түзүү ишин баштадык. Азыр уни-верситетте Борбор Азиянын көйгөйлөрүн, Кытай тарабынан демилгеленген “Бир алкак – бир жол” стратегиясын изилдөө борбору түзүлгөн. Учурда эки чоң илимий конференция ушул борбордун жардамы менен өткөрүлдү. Ошол конференциялардын негизинде бир топ илимий долбоорлорду баштаганы жатабыз. Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай университтери менен чогуу изилдөөчүлөрдү бириктирүү иштерин жасап жатабыз.

Укук жана саясат боюнча көйгөйлөрдү изилдөө лабораториясы түзүлдү. Анда коомдогу болуп жаткан өзгөрүүлөр, процесстер биздин илимпоздордун көз карашы менен талданып, эксперттик пикир түзүлөт. Азыр экспертмин дегендер жалгыз өзүнүн пикирине таянышат эмеспи. Ал эми бизде болсо лабораториядан изилденип, талкууланып, илимий изилдөөгө таянган пикир бөлүшөт. Эгерде эксперт катары биздин улуттук унтверситеттин атынан айтылса, бул изилдөөгө таянган, экспертизадан өткөн пикир деп айтсак болот.

Ошондой эле илим жактан кадрларды даяр доодо диссертациялык кеңештердин ролу чоң. Мен келген учурда үч диссертациялык кеңеш иштеп жаткан, азыр ар кандай багыттардагы сегиз диссертациялык кеңеш аркылуу ар бир факультеттин астында жактала турган кандидаттык иштер көзмөлдөнүп турат.

– Быйыл абитуриенттерди кабыл алууга даярдыктар кандай?

–  Негизи  6  миңге  жакын  бакалавр дэңгээлинде кабыл алабыз деген ойдобуз. Бул ишке аша турган нерсе. Бюджеттик орундарды болсо министрлик тактоодо. Учурда биринчи турга даярдануудабыз, мурунку жылдагыдай эле 400дөй бюджеттик орун келет деп күтүп жатабыз. Алар көбүнчө так илимдер, педаго-гика жаатында болот.