Реформалар сындалуусуз жүрбөйт

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыздандыруу департаментинин ишмердүүлүгү жана бүгүнкү күндө аткарып жаткан иштери жөнүндө биздин суроолорго департаменттин башкы директору Гүлмира Шакирова жооп берди.

– Гүлмира Абидиновна, учурда  департаменттин  дарегине айтыла калып жаткан айрым сын-пикирлерге сиздин көз карашыңыз кандай?

– Өлкөбүздө чейрек кылымдан бери өнүгүп келе жаткан демократиянын чоң жетишкендиктеринин бири – бул сөз эркиндиги болуп саналат эмеспи. Ар ким, каалаган сөзүн, ой-пикирин айтып, элге жарыя кылууга толук укугу бар. Сүйлөгөндө сүйлөп коё берет, жасаган ишин жакпаса сындап да коё беришине эч ким тоскоол кылбайт. Мекендештерибиздин мындай жарандык укуктарына башка мамлекеттердин тургундары таң калуу, суктануу менен карашат. Эгер айтылган сын орундуу, объективдүү болсо, ал, албетте, биз үчүн пайдалуу нерсе. Белгиленген кемчилдиктерди жоюп, жетишпестик-каталарды оңдогонго аракет кылыш керек, албетте. А бирок, сын-пикир көчөдөгү ушак сөздөрдөн токулган  болсо,  андай  сындан  жакшылык күтүү кыйын. «Гезит менен чапсаң чымын өлөт, сөз менен урсаң адам өлүшү мүмкүн», – деген ойду биздин залкар замандаштарыбыз бекеринен айтып кетпесе керек. Тилекке каршы, арабызда сөз эркиндигин ойлонбой туруп туш келди пайдалангандар, аша чапкан сынчылар да жок эмес.

– Сиз кесибиңиз боюнча фармацевт эмессиз, ушул нерсе бүгүнкү кызмат ордуңузга туура келеби?

– Менин кесибим фармацевт эмес, ал туура, мен финансистмин. Бирок, учурда департаменттин ишин, финансылык жана укуктук жагдайларын талапка ылайык деңгээлге жеткириш үчүн бул жерге менеджер керек болду. Мен буга чейин мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматын башкарып, андан кийин ФОМСтун жетекчиси болуп иштедим. Иштеген жерден тажрыйба ашырып, мамлекеттик кызматтын талаптарын, алдына коюлуп жаткан максаттарын өнүктүрүү жолдорун кесиптик деңгээлде өздөштүрүп келдим десем болот. Кала берсе, ФОМСто иштеп жүрүп, медициналык тармак менен, дары-дармектердин, медициналык техникалардын маселелери менен да жакындан таанышып калдым. Мен департаментке жетекчи болуп дайындалганда бул жерде юридикалык маселелердин чечилиши, финансылык системасынын акыбалы бүгүнкү күндүн талаптарына жооп бербеген жагдайга келип калганына күбө болдум. Андан бери бир топ иш-чаралар жүзөгө ашырылып, ийгиликтүү аткарылып келе жатат. Өткөн жылдын февраль айынан баштап ушул мезгилге чейин аткарылган иштердин жыйынтыктары жакында эле “Кыргыз Туусунда” басылып чыккан эмеспи.

– Ошондой болсо да, айрым, орчундуу маселелерге токтолого кетсеңиз. Мисалы, ошол эле департаменттин ишин укуктук калыпка салууда жасалган кадамдар жөнүндө айтсаңыз.

– 2017-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан үч жаңы мыйзам кабыл алынды. Биринчиси дары-дармектер жөнүндө, экинчиси медициналык буюмдар тууралуу, үчүнчүсү жаңы мыйзамдардын та-лаптарын өлкөнүн укуктук системасына төп келтирүүгө багытталган мыйзам бол-чу. Биринчи жана экинчи мыйзамдар-ды Кыргызстандагы дары-дармектерди жүгүртүү тармагындагы эң маанилүү, негиздөөчү мыйзам катары бааласа болот. Буга чейин колдонулүп келген негизги мыйзамдын нормалары мезгилдин талаптарына туура келбей калган, тармактын мындан аркы өнүгүшүнө кайсы бир деңгээлде тоскоол да боло баштаган. Бирок, жаңы мыйзамдардын натыйжалуу иштеп кетиши үчүн атайын механизмдерди иштеп чыгуу, кошумча укуктук актыларды киргизүү зарыл, ансыз мыйзам кагаз жүзүндөгү эле документ бойдон кала берет. Мыйзамдар кабыл алынган күндөн баштап эле, атайын түзүлгөн эксперттик топ ошол механизмдерди иштеп чыгуунун үстүндө аракет кылып келет. Айтсак, негиздөөчү 18укуктук акт иштелип бүттү, бирок бул багыттагы иш-чараларды дагы улантуудабыз. Бул кошумча мыйзамдык актыларды иштеп чыгуу процесси көптөгөн жогорку деңгээлдеги кесип ээлери, кызыкдар ведомстволордун адистеринин катышуусу менен, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун колдоосунда өтүп жатат. Ошону менен бирге Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыздандыруу департаментинин жобосун да бүгүнкү күндө долбоор катары иштеп чыгып өкмөттүк уюмдарга макулдашууга жөнөттүк. Белгилеп кетүүчү нерсе, аталган жаңы мыйзамдарда, жаңыдан иштелип чыккан Жобо дагы мезгилдин талабына ылайык жана эл аралык стандарттардын деңгээлиндеги укуктук актылар болуп саналат. Мындай юридикалык негиздери болбосо бүгүнкү күндө Кыргызстан дүйнөлүк дарылар рыногунан алыстап, артта калып кетишинде калет жок.

Өлкөбүздө дары-дармек иштеп чыгуучу өндүрүштүн көлөмү керектөөнүн көлөмүнүн болгону 3%ын эле түзөт, дарылардын калган 97%ын, ошондой эле медициналык жабдуу, буюм, техникаларын биз импорт аркылуу сатып алабыз. Мындай жагдайда эл аралык кызматташуунун, дүйнөлүк дарылар рыногунун Кыргызстан үчүн мааниси эбегейсиз чоң экенин түшүнө билишибиз зарыл.

Ал  эми,  департаменттин  финансы  системасына  кайрылсак,  бухгалтериянын иши өткөн кылымдын 80-90-жылдарында кала бергендей сезилди мага. Болгон кыймыл-аракеттери кагаз жүзүндө жүргүзүлүп келген, айлык акыларын адистер баягы эле ведомость аркылуу, кассирдин колунан алышчу. Бүгүнкү күндө бүт финансы тармагына жаңы эл аралык стандарттарга ылайык С1 системасын киргизип, эсеп-кысаптарды банктык эмгек маяна карталарына өткөрдүк. Дагы бир ишке ашырылып калган өтө маанилүү маселени белгилей кетишим керек – бул департаменттин элге көрсөткөн кызматтары Төлөм кызматтарынын мамлекеттик бирдиктүү тизмесине киргизилип калганы. Буга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №85 токтому камтыган бул тизмеге 2012-жылдан бери ар кайсы шылтоолор менен кирбей, департаменттин эсептери коммерциялык банктардан ачылып, тапкан кирешелер мамлекеттик бюджеттен эсептелбей келген. Мындай абал, албетте, департаментке тапкан кирешелерин өз билгениндей иштетип, пайдаланууга шарт түзүп бере-ри талашсыз. Бүгүнкү күндө ал жагдай жокко чыгарылып, департаменттин элге көрсөткөн кызматтарынан өндүрүлгөн каражаттарынын бүт баары борбордук казыначылык аркылуу өтөт, башкача айтканда биздин кирешелерибиз мам-лекеттик бюджеттин эсебинен өтө турган болуп калды.

– Кыргызстанда коррупцияга каршы болуп көрбөгөндөй күрөш жүрүп жатканына күбө болуп жатабыз. Сиз жетектеген департаментте дагы бул багыттагы  иш-чаралар  аткарылып жатса керек?

– Өткөн жылдын жаз айларынан баштап биз, мисалы, республикабыздын аймагындагы болгон медициналык техника, жабдууларды электрондук базага киргизип, алардын техникалык абалы, баасы, иштөө даремети, дарылоочу касиеттери жана башка маалыматтарды камтыган кенен электрондук ресурсту департаменттин интернет сайтына жайгаштырып койгонбуз. Бүгүнкү күндө медициналык жабдуулардын кайсылары иштеп, кайсынысы оңдоп-түзөөгө же болбосо жаңыланууга муктаж экенин, бейтаптар өзүнө керек болгон медициналык жабдуунун кайсы ооруканада иштеп жатканы тууралуу маалыматтарды ошол ресурстан оңой эле таап алса болот.

Дагы  бир  электрондук  кызмат көрсөтүү ыкмасын өздөштүрүп, ишке киргиздик. Мисалы, фармкомпаниялар өлкөбүздүн аймагына алып келген дарыларга бажы кызматынан уруксат алышы үчүн департамент тактама бериши керек. Ал тактаманы алыш үчүн компаниялардын өкүлдөрү департаменттин кызматкерлери менен сүйлөшүп, суранып жүрүп, убактысын кетирип убара болгон күндөр тарыхта калды десек болот. Жаңы электрондук ыкманын жардамы менен компаниялар өздөрүнүн офисинен интернет аркылуу арыз жана тиешелүү документтердин аныктамаларын жөнөтүп, ошол эле замат электрондук түрдө тактаманы ала алышат. Баса белгилеп кетүүчү дагы бир нерсе, өткөн жылдан бери департаментте «бирдиктүү терезе» ачылып, аталган ыкма ийгилик-туу иштеп жатат. Мында коррупциянын эң башкы көрүнүшү болгон, башкача айтканда, чиновник менен уюмдун кызматына муктаж адамдын ортосундагы өз-ара мамилелерине, көзмө-көз сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнө бөгөт коюлат. Жаран керектүү документтерди «бирдиктүү терезе» аркылуу тапшырат да, ошол эле жерден даяр жооп алып кете берет. Айрым учурда андай жоопту интернет аркылуу алышы да мүмкүн.

Бүгүнкү күндүн көйгөйлөрүнүн дагы бири – бул дарылардын кайдан, качан, кайсы өндүрүштө иштелип чык-каны,  кандай  баада  келип,  кандай баада сатылып жатканы жөнүндө маалыматтардын чачыранды болушу, дары-дармектердин айлануусу көп учурда башаламан көрүнүшкө айланып кетиши болуп  саналат.  Анын  баарын  иретке келтириш үчүн электрондук маалымат базасын ишке киргизүү зарыл. Биздин адистер учурда дары-дармектердин улуттук базасын иштеп чыгуунун кезектеги этабын өздөштүрүүдө. Бул электрондук базанын жардамы менен каалаган адам, каалаган дары жөнүндө атайын штрих-код аркылуу толук маалымат алышы мүмкүн болот. Ошондой эле, аталган электрондук маалымат базасы дарынын өндүрүүчүдөн тартып акыркы пайдалануучуга чейинки жолун, анын баасын так көзөмөлдөөгө да шарт түзөт.

2017-жыл ичинде өлкөбүзгө 14 млрд. сомдук дары-дармек алынып келинген, бул 2016-жылдын көрсөткүчүнөн 20%га жогору дегенди билдирет. Эгер биздин департамент ийгиликтүү, натыйжалуу, эл аралык стандаттардын негизинде так иш алып барган болбосо, чет өлкөлүк фармацевтикалык компаниялар Кыргызстандын чакан рыногуна мынчалык ашыкпаса керек эле, деген ой биздин эмгек жамаатыбыздын мындан аркы өнүгүүсүнө, жаңы ийгиликтерди жаратуусуна багыт берет деп ишенемин.

Маектешкен Бердибай САМАТОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *