Суббота, 20 апреля, 2024
13.1 C
Бишкек

Олимпиаданын күмүш байге ээси Александр Панфилов

Велоспорт боюнча Москва олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси Панфилов Александр Васильевич тууралуу кыргызстандык спорт күйөрмандары анча жакшы билишпейт. Жердиги кыргызстандык Александр Панфилов 1960-жылы Фрунзе шаарында төрөлгөн. Ал спортко дилгир болуп, алгач фехтования, кийин сууда сүзүү ийримдеринде машыккан. Он алты жаш курагында велосипед тээп, велоспортту тандаган.

1978-жылы Өзбекстандын чемпиону болуп, «СССР спорт чеберинин» талабын аткарган. Шоссе жарыштардан баштап, кийин велотректеги жарыштарга өткөн. Бардык дисциплиналарда катышып, мыкты жыйынтыктарды километрлик гит жана спринтте көрсөткөн. Жыйырмага толо элек жатып, Москва шаарында өткөн Олимпиадага катышкан.

Ошол убакытта машыктыруучулар дүйнөнүн эки жолку чемпиону Эдуард Раппты даярдаган. 1980-жылы июль айында олимпиадага бир ай калганда жердиги кыргызстандык спортчу Александр «күч атасын тааныбайт» дегендей, даңазалуу велоспортчу Эдуард Рапптан ашып, СССРдин чемпионатында баш байгени жеңген. Ошентип машыктыруучулар Олимпиада оюндарында Панфиловду жарышка кошуу чечимин кабыл алышкан. Мелдеште Александр мыкты жыйынтык көрсөткөн, бирок немистер андан да күчтүү эле. Чемпионго эки секундага жеңилген. Немец спортчусу Лотар Томс алтын байге жеңген. Александрга күмүш медаль ыйгарылган.

Кыргызстандык спорт күйөрман-дарына жеткиликтүү болсун үчүн Александр Панфиловдун спорттук тагдыры, жеңиштери тууралуу учкай баяндай кетейин.

1980-жылкы Москва олимпиадасынын велотректеги 1000 метр аралыкка жарыштын алдында Александр жаштык, курчтугу менен жеңишти эңсеп, намысты колдон чыгарбоону гана самап турду.

Акыркы жарышта ал жеңиш сересинин тепкичинде тураарын ички туюму менен билип турган. Бирок, кайсы тепкичте? Албетте, ал жоопкерчилигин сезип турду. Жарыш башталды.

Ушул жерден артка чегинип, айта кетсек, 1980-жыл Александр Панфилов үчүн ийгиликсиз башталган. Кышкы дүйнө чемпионатынын башында 1000 метрлик гитте ал алтынчы орунга араң илинген. Андан кийин Берлин шаарында өткөн дүйнө чемпионатында топтук жарышта дагы жолу болбоду. Мындан кийинки мелдештерде да байгелүү орунга жетпей, маанайы чөгүп жүрдү.

Машыктыруучулардын көбү Сашаны тандалма курамага кошууга болбойт, ал жаш, олимпиадалык чоң таймашта утулуп калышы ыктымал деген ойдо болушкан. Кийинчерээк ал устаттарынын ага ишеним артпай турганын сезип, негедир үмүттү актай албай турганына ачууланган. Башкаларга эмес, өзүнө нааразы болуп, өзүнө ичи чыкпай жүрдү.

Балким бул ачууланып, намысына тийген жагдай баарын өзгөрткөндүр… Бара-бара Панфилов эркин чыңдап, кайраттанды, ал эми ар бир жеңилүү бийиктиктерге умтулуу үчүн түрткү болуп берди. Олимпиадага чейинки убакыттагы машыгуулар абдан түйшүктүү жана көлөмдүү эле. Ар бир машыгуудан кийин Сашанын чеберчилиги жогорулап, анын жеңишке үмүтү кайра жанып, чыйралды. Жыйынтык жаман болгон жок, олимпиадага бир ай калганда СССРдин чемпионатында Александр Панфилов 1000 метрлик гиттеги жарышта белгилүү спорт чеберлери Эдуард Рапп жана Константин Храбцовдон алдыга озуп, СССРдин чемпиону аталды. Бул жеңиш олимпиадалык курамада орун алууга өбөлгө болгон.

– Биздин курамада Панфиловдон кыйын боло турган жарышчыны көрбөй турам, – деп айтты башкы машыктыруучу Борис Васильев. – Эми СССРдин жаңы чемпиону олимпиадалык сыноодон жөндөмдүүлүгүн, мыктылыгын далилдеши керек.

Саша негизги атаандашы менен стартка чогулду. Жарышка чыгуу кезегин 18-номер менен дүйнөнүн үч жолку чемпиону, германиялык атактуу Лотар Томс күтүп турган. Анын жаңы велосипеди өзгөчө ыңгайлуу болуп жасалган: абанын каршылыгына туруштук бере алган өйдө бүктөлгөн кармагыч, шөкөттөлүп жасалганы менен өзгөчөлөнүп, адистердин көңүлүн буруп турду. Бирок, Панфилов анын жаңы велосипедине маани бербестен, атаандашы менен жарышка даярдык көрүп, бүткүл дити алдыдагы таймашка бурулуп турду. Стартка чогулуп, атаандашы кандай атактуу экенин дагы бир ирет билип, «карт бөрүнү» кантип жеңүү оюу менен алдыга чыгуу командасын күтүп жаткан.

Советтер Союзунун миңдеген спорт күйөрмандары андан үмүт кылып, жеңишке жетүүсүн каалап турушканы бир заматта көз алдынан кино тасмадай чубуруп өттү… Абдан чоң жоопкерчилик моюнга жүктөлүп турганын жон териси менен сезип турду.

Көз алдында кыргыз жергесинде өткөн бала чагы, өспүрүм курагы чубуруп өттү. Ал өспүрүм курагында Өзбекстандын Сыр-Дарья шаарына курулуш техникумунан билим алыш үчүн барган. Анын жакындары бир нече жылдан кийин тажрыйбалуу куруучу Александр Панфилов кайтып келээрин күтүп, ишеним артып турушкан. Маңдайга жазган тагдырга байланыштуу баары башкача болду.

Техникумдун жатаканасы оолак эле, кечинде жасай турчу иш жок. Жаштар бош убактысында ойноп, күлүп жыргап, айрымдары китеп окуса, кээ бири бий аянтчасына чыкпай бийлеп, шахмат ойногондор да болду. Кимдир бирөө кумар оюнуна азгырылып, карта ойноп жана ичимдиктин даамын татып, өзүн таштап салгандар да кезикти. Мындай жагдайдан жаштарды алаксытуу үчүн машыктыруучу Иркен Турсунбаев велоспорт ийримине жазылууну айрымдарга сунуштаган.

Биринчи машыгууга элүү өспүрүм барган. Башында Александр деле ырахат үчүн велосипед тепкен, андан кийин бул спортко бериле баштаган. Биринчи көп күндүк жарышта Саша жыгылып, ыза болуп ыйлаган. Турсунбаев чуркап келип, карап, эч нерсе айтпай, Сашаны велосипедге отургузган. Көз жашын жеңи менен сүртүп, ызаланып башкаларды кууп жетүүгө аракет кылган. Машыктыруучунун камкордугу, сабырдуулугу уланга өзүн чыныгы эркек катары сезип, тоскоолдуктарды жеңүүсүнө түрткү болгон.

Машыкканына бир жарым жылдан кийин катышкан бүткүл союздук жаштар арасындагы биринчи жарышты эч убакта унутпайт. Алгачкы мелдештин жыйынтыгында гитте үчүнчү жана спринт жарышта төртүнчү болгон. Ошентип спорттук бийиктиктерге карай багыт, максат белгиленип, велоспорттун түмөн түйшүгү башталды.

Бул тандоонун тууралыгын СССР элдеринин VII Спартакиадасы далилдеп, Александр адистердин көңүлүн буруп, келечегинен үмүткөр кылып койду. Кийинчерээк Куралдуу Күчтөрдүн чемпионатында ал 3000 метрлик гитте атактуу Эдуард Раппты жеңип алуу менен спорт чөйрөсүндө аты угулуп, өзүнө болгон ишенич оту жанды.

Ошентип 1980-жылы советтик велоспорттун тарыхында биринчи жолу Москва олимпиадасында велотректе 1 км. аралыкка жарышта Александр Панфилов күмүш медаль тагынган. Германиялык Лотар Томс бир километрди 1.02,955 мүнөттө өтүп, олимпиада чемпиону аталган. Александр атаандашынан эки секунд артта калганы үчүн капаланган.

1981-жылы Панфилов жоокердик милдетин аткаруу үчүн чакырылып, аны Ташкент шаарында Куралдуу Күчтөрдүн спорт клубунда өтөдү. 1982-жылы жоокердик милдетин улантыш үчүн Москвага ЦСКА клубуна которулган. 1986-жылы ЦСКАда велоспорт боюнча машыктыруучу болуп, эмгек жолун улантты. 1999-жылдын ноябрь айынан бери ЦСКА командасынын велоспорт боюнча башкы машыктыруучу жана клубдун жетекчисинин кызматын өтөп келди.

Веложарышчы спортту тыштаган жок. Азыр ал Россияда жашап, жаңы жылдыздарды даярдоодо. Анын шакирттери дүйнө чемпионаттарында жана олимпиада оюндарында жеңишке жетип жүрүшөт. Мисалы үчүн, 2004-жылы анын тарбиялануучусу Тамилла Абасова Афина шаарындагы Олимпиада оюндарында күмүш байге жеңген, ал эми 2006-жылы Андрей Хатунцев Зальцбург шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында үчүнчү орунду алган.

Александр Панфиловдун спорттогу мээнети «Россиянын эмгек сиңирген машыктыруучусу», «Россиянын эмгек сиңирген спорт чебери» деген ардак
наамдар, орден, медалдар менен белгиленген. Ал велоспорт боюнча СССРдин тогуз жолку чемпиону (1979-1986) болуп саналат.

А эң башкысы жана биз үчүн сыймыктуусу – кайда болбосун, киндик каны кыргыз жергесине таамп, алгач Фрунзе (Бишкек) шаарында фехтования жана сууда сүзүү ийримдерине катышып, спорттогу карьерасын Кыргызстанда баштаганын сыймык менен айтып жүрөт.

Кабыл МАКЕШОВ,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, спорттук баяндамачы

Мурунку макала
Кийинки макала

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар