Ысык-Көлдө аскердик тик учак кулап түштү

Ысык-Көлдө Түштүк Эңилчек аймагында куткаруу операциясын жүргүзүп жаткан КР аба күчтөрүнүн Ми-8 МТВ тик учагы кырсыктады. Бул тууралуу Башкы штабдын маалымат кызматы кабарлады.

Алдын ала маалыматтарга караганда, тик учак альпинисттерди куткаруу учурунда шамалдан улам капталы менен түшкөн. Андан төрт адам жабыркаган, курмандыктар жок. Учурда альпинистти жана куткаруучуларды куткаруу боюнча иш жүрүп жатат. Тик учактын абалы тууралуу маалымат бериле элек.