Бишкектин биринчи вице-мэри тергөө бүткүчө камакта калды

Бишкектин биринчи вице-мэри Ренат Макеновго айыбы угузулуп, тергөө аяктаганча абакта кармоо чечими чыкты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

УКМКдан билдиришкендей, Ренат Макенов КР Кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү (Коррупция) боюнча күнөөлөнүп жатат. Ал КР Жер кодексин одоно бузуп, мэриянын айрым кызматкерлери менен биргеликте Бишкектин түштүк аймагынан 3,5 гектар жерди жеке тарапка мыйзамсыз колдонууга жол берген деп айыпталууда.

Иликтөө иштери жүрүп жатат.