Кылым карыткан «Кыргыз шырдагы»

Күмөндөр УСУПТЕГИН, «Кыргыз Туусу»


Нарын шаарынын борбордук Ала-Тоо спорт майданында 28-30-июнь күндөрү эл аралык «Кыргыз шырдагы VIII» фестивалы болуп өттү. 28-июнь күндөгү ачылыш аземине КРнын вице премьер-министри Алтынай Өмүрбекова, Франциянын Кыргызстандагы элчиси Микаэль Ру, ошондой эле бир катар эл аралык уюмдардын, соода компаниялардын өкүлдөрү жана чет өлкөлүк туристтер күбө болушту. Фестиваль облустук бийлик жана Кыргызстан Кол өнөрчүлөр кеңеши тарабынан уюштурулгандыгы маалымдалды.

Ала-Тоодон топтолгон алтын колдуу уздар Фестиваль «Кыргыз көчү» менен башталып, боз үй тигүү, жоолук таштамай, көк бөрү, эр эңиш улуттук оюндардан үзүндүлөр тартууланды. Таластан 14, Ош облусунан 2, Жалал-Абаддан 10, Баткенден 6, Ысык-Көлдөн 32, Чүйдөн 6, Бишкек шаарынан 8, Ош шаарынан 5 жа-на Нарын облусунан 200дөн ашуун кол өнөрчү саптуу жүрүш менен өтүштү.

Өнөрчүлүккө ыктаган памирлик кыргыздар жана өрмөктү өркүндөткөн лейлектиктер

Гүлниза Тилепберген кызы 30 жашта. Чоң Памирде туулуп-өсүп, кийин Кичи Памирдеги Нурулхан Абибакир уулуна турмушка  чыккан.  Экөөнүн эки  кызы,  бир  уулу  бар. Жубайлар  Нарын  шаарында жашап, өздөрү дагы, кыздары дагы билим алышууда.

–  Мен  10  жашыман тарта эле өрмөк согуп, кол өнөрчүлүк менен иш кылгам.  Баарысын  жүндөн жасайбыз.  Өрмөктөр  тиричиликке  керектелет,  – дейт Гүлниза. Миң түрлүү шырдактарды карап жүрүп, алыскы Баткен дубанынан жол карытып келген уздарга да кезиктик. Баткен дубанынан келген 6 уз апанын бардыгы лейлектиктер болуп чыгышты.

– Нарынга биринчи жолу келишим. Мурда кол өнөрчүлүк менен Тажикстанга, көчмөндөр оюнуна катышкам. Чындыгында шырдак Нарында мыкты жасалат экен. Мен бала кезде биздин апалар дагы шырдак жасашчу. Бирок кийин биз саймачылыкка жана килем жасоого ооп кеттик, – дейт Лейлектин Исфана шаар башкармалыгына караштуу Тайлан айылынын тургуну, 65 жаштагы Мактымай Асыранкулова эже.

Ушул эле райондун Маргун айылынан келген 55 жаштагы Гүлмира Турдубаева Лейлек килемдеринин аталыштарын кеңири тактап берди:

– Мага 5-класста окуп жүргөндөн баштап килем сокконду үйрөтүштү. Ошондон бери кол өнөрчүлүктү таштабай эмгек кылып келем. Өткөн жылы Баку шаарына симпозиумга катышууга чакырык алдым. 8 адам бардык. Бизде согулган килемдер «араби», «баркыт», «барак», «түрк» деп аталат. Анан «сувенир» деген дагы бир түрү бар. Териден жасалган буюмду «постон» деп коёбуз, бу силерде көлдөлөң деп аталат. Биз жакта кыздын себине 1 «түрк», 1 «араби», 1 «таар», 1 «ала кийиз» жана 1 «постон» кошуп берилбесе, анда «кыздын энесинин колу жок турбайбы» деген кепке калат, – дейт Гүлмира айым.

Маликанын өзгөчө өнөрү

– Мобу шырдакты жакшылап карасаңыз. Эмнеден айырмасы бар экен? – деп калды бир бейтааныш айым. Чындыгында башкаларга таптакыр окшобогон бирдей кылкадагы төрт чарчы көздөрү бар, оюулары дагы өзгөчө шырдакты карап калдык. Көзгө урунганы бирөөндө герб, бирөөндө желек, бирөөндө кадимки Ысык-Көл болду.

– Көрдүңөрбү, байке. Бул шырдакта Манас, боз үй, жети дубан, айтор, баары бар, – деди бейтааныш менин жообумду күтпөстөн.

– Шырдак сиздикиби?

– Жок, Малика деген аялдыкы. Мен анын таанышы болом. Эми укмуш жасаган, – деп эки жагын карап, көпчүлүктөн каарманыбызды издеп, бат эле таап келди. Ат-Башы районундагы Ак-Талаа айылынын тургуну 51 жаштагы Малика Бакырдинова узуну 4, туурасы 2 метр келген шырдактын 26 төрт чарчы көзөнөгүнө жана 20 кычыгына ар кандай үлгүлөрдү салып чыккан экен.

– Оймосун дагы өзүм чийип, сүрөттөрүн дагы өзүм тартып чыгып, анан саймаладым. Ар бирине тиешелүү түс бердим. Ар бир облустан бирден баалуу нерсе алдым. Кычыктарындагы оюлардын маанилери бар. Маселен, бул манасчыны ча-гылдырса, булар кара жорго бийди, мунусу бүркүттү элестетет, – деп түшүндүрмө берипсин деген шарт жок. Демек, келерки жылы жобого өзгөртүү киргизип, мындан ары илинүүчү шырдактарга дагы баа беришибиз керек экен, – деп билдирди ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастары боюнча эксперти, калыстар тобунун төрайымы Динара Чочунбаева 29-июнь күнү жыйынтыктоочу азем учурунда.

69 шырдактан алдыга бирөө озбоду

Д.Чочунбаева мындай мурастар эки тизмеде катталарын билдирди.

– Биринчиси – жоголуп бара жаткан, экинчиси өнүгүп бара жаткан деп атайын катталат. Кыргыз шырдагы жоголуп бара жатканга кирген. Кудай кут кылсын, соңку алты жылдан бери кайрадан өнүгүү жолуна түшүүдө. Өкмөт колдоп, ишкерлер эл аралык алкакта сатууга чыгарышууда. Экспортко Европага, АКШга, Австралияга, Кытайга, Түркүяга чыгарылууда. Орусиядагы кыргыздар сатып алып, салынып калышты. Туристтердин кызыгуулары көбөйүүдө.

Негизи, кийиз буюмдарынын баалуулугу артып бара жатат, – деди. Чынында фестивалдан чет өлкөлүктөрдү да кезиктирдик. Өзүн Филип Орион деп тааныштырган 68 жаштагы жаран Франциядан келген экен. Ал Кыргызстанда биринчи жолу болуп жаткандыгын, жердин кооздугун, кыр-гыз элинин байыркы салттарды сактап калгандыгын, мындай кийиз буюмдарды рас шырдак катары жеңүүчү деп табылган (буларга да 5 миң сомдон билдирди). Ал эми ар бири 25 миң сомдон сыйлыкка татыктуу болгон шырдак ээлери, атбашылык уздар Үпөл Токтосунова менен Дамира Абы-шованын эмгектери үчүнчү орунга бааланды. Акталаалык  уз  Тамара  Байбагышованын шырдагы экин-чи орунду ээлеп, 40 миң сом менен сыйланса, биринчи орун атбашылык Таалайкан Алиеванын шырдагына бе-рилип, бу киши 50 миң сомдун ээси болду. Калыстар тобу баш байгеге берилүүчү 60 миң сомду экиге бөлүп, аларды  эки  Мурас  шыр-дакка берүүнү ылайык деп табышкан экен. Маселен Нарын шаарынын тургуну Жылдыз Мамбетова ушул күнгө чейин энесинен кал-ган шырдакты бери жагы 70 жылдан бери сары май-дай сактап келе жатыптыр.

Ошондой эле атбашылык Торкобек Конокбаеванын дээрлик 60 жыл мурда жасалган шырдагы дагы баш байгенин бир бөлүгүнө татыктуу деп табылды. Натыйжада биринчи, экинчи жана үчүнчү орундарды алган шырдактар менен соңку эки Мурас шырдак Нарын облустук тарыхый этнографиялык музейге түбөлүккө сактоого өткөрүлүп берилди.

Карааны көрүнбөгөн партиялар, же соңку сөз

«Кыргыз шырдагы» фестивалына сыйлыктар КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан чечилгендигин, жалпы иш-чарага жергиликтүү бийлик менен Ага Хан кору, БУУӨП, Бишкек ишкерлер клубу ж.б. уюмдар колдоо көрсөткөн. Тилекке каршы, бул жолку фестивалда бир партиянын үнү угулган жок. Маселен, мурунку жылдарда Ат-Башы айылында өткөн ушундай фестивалдарда КСДП, «Эмгек» ж.б. партиялар акчалай колдоолорду көрсөтүп, уздардын эмгектерине салым кошуп, акчаларын чачышкан болчу. Мүмкүн ал жылдарда «чоң айлоолор» жакындап калса керек. Андай ыңгайдан карасак, анда «Кыргыз шырдагы» фестивалынын келерки жылдагы тогузунчу же 2020-жылдагы тегерек даталуу онунчу жолку өткөрүлүшүнөн партиялардын жабалактап келип, демөөрчү болгондоруна аманчылык болсо күбө болуп калаарбыз.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *