«Мен келечекте АКШдан билим алам…»

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”


Буга чейин АКШда өткөн генийлердин олимпиадасына барган кыргызстандык балдардын 33 медаль утуп келишкенин жазганбыз. Ошондой эле, 12 жаштагы Кубаныч Турабаевдин “Кыска метраждуу фильм” категориясы боюнча гран-прини жеңип алганын айтканбыз. Баш байгени багындырып, ата-энесин, бир туугандарын, эже-агайларын кубанычка бөлөгөн Кубаныч биздин редакциябызда мейманда болду.

Эске сала кетсек, “GENIUS-2018” олимпиадасы глобалдык көйгөйлөрдүн алдын алууга агытталган. Ага 18 жашка чейинки өзгөчө идеясы бар, акылдуу, билимдүү, таланттуу балдар катыша алат. Быйыл аталган иш-чарага дүйнөнүн булуң-бурчунан, тагыраак айтканда 75 өлкөдөн келген 729 бала катышкан. Ал эми биздин өлкөдөн 167 окуучу барып, 5 алтын, 16 күмүш, 11 коло медаль утуп келишкен.

Катышуучулар бизнес, илим, музыка, адабият, көркөм өнөр искусствосу жана кыска метраждуу фильм категориялары боюнча долбоорлорду жакташкан. Биздин каарманыбыз Кубаныч Турабаев экологияны сактоо боюнча тарткан “Үндү эсте жана иштеп чык” (Вспомни звук и переработай) кыска метраждуу фильмин тартуулап, калыстардын эң жогорку баасына татый алган. Ал өзүнүн фильми аркылуу адамдарды бардык нерсеге сарамжалдуулук менен мамиле кылууга чакырган. Ошону менен бирге табият ме-нен таттуу мамиледе болуп, жаратылышты коргоого үндөгөн. “Элементардык эле желим бөтөлкөлөрдү алсак, биз бошогондон кийин аларды ыргытып жиберебиз. Ыргытканда андан добуш чыгат туурабы? Демек, ал добуш: “Мени кайра иштет”, – деген сөз. Ошондуктан, биз айнек бөтөлкө болобу, желим бөтөлкө болобу аны ар кай жерге ыргытып ийбестен, атайын контейнерлерге салып, аларды кайрадан иштетишибиз керек”, – де-ен Кубаныч АКШга барып келгенден кийин көз карашы, дүйнө таанымы өзгөргөнүн айтат. “Мен Америкага биринчи жолу бардым. Мага ал жактын эң биринчи тазалыгы жакты. Чачылып жаткан таштанды жок. Көчөнүн боюнда ар кандай түскө боелгон челектер турат экен. Чоң кишилер турсун кичинекей балдардан бери сыртындагы сүрөттөрдү карап таштандысын ошого салышат экен. А бизде андай жок. Бирок, ошондой тартипти, эрежени орнотсо болот деп ишенем”, – дейт К.Турабаев.

“Мен келечекте АКШдан билим алам. Ал  жактан  окуп,  үйрөнгөнүмдү  Кыргызстанга  келип  колдоном.  Буюрса,  таштандыларды атайын контейнерлерге сорттоп сала  тургандай  кылганга  аракет  кылам”, –  дейт  Америкадан  алган  таасирлеринен кийин.

Кубаныч  эки  бир  туугандын  улуусу.  Өзүнөн  кичүү  иниси  бар.  Аты  Кутман  9  жашта.  Апасы  Жусупова  Турсунай,  атасы  Тагаев  Алишер  атын  атаса куту сүйүнөт болуп кубанып, сүйүнүп турган чактары.

“Генийлер  олимпиадасы”  тууралуу өзү  угуп,  өзү  катышканга  аракет  кылды. Быйыл эрте, жашсың жок дегенде эмки жылы  бар  дегениме  да  көнгөн  жок.  Биздин уруксатыбызды алгандан кийин аябай катуу  даярдык  көрдү.  Мектептен  сырткары атайын курстарга дагы барды”, – дейт апасы Турсунай.

Ал эми “Сейтек” мектебинин орус тили мугалими жана тарбия завучу Аида Эшалиева  К.Турабаев  тууралуу  буларга  токтолду.  “Кубаныч  биздин  мектептеги  эң алдыңкы окуучулардын бири. Келечектен көптү үмүттөндүргөн бала. Жазында айлана-тегеректи жыйнап, жашылдандыруу иштери менен алектенип сыртты жүргөнбүз. Ошондо ал классташтары менен чуркап өтүп бара  жатып:  “Жардам  керек  эмеспи,  эже”,– деп сураган жалгыз бала болгон. Ушунчалык жөнөкөй, кичи пейил жигит”, – дейт эжейи.

А.Эшалиеванын айтымында, кыргызстандан  барган  окуучулар  иш-чаранын соңунда “Жалын” бийин бийлешип, көпчүлүктү суктандырышкан. Америкалыктар балдардын башындагы ак калпакка кызыгышкан. Ал тургай Кубанычтан калпагын сатуусун суранышкан. “Мен өзүмдүн баш кийимимди сатпайм деп бербей койдум”, – деген жеңүүчү сүрөткө кийип түшүп алайын дегендерге каршылыгын көрсөткөн эмес. Айта кетсек, кыргызстандык окуучулар АКШга белгилүү дизайнер Эльвира Султангазиеванын колунан жаралган улуттук кийимдерди кийип барышкан.