14 жашар жазуучу Бекболот АБДУЛЛАЕВ: «Мени Кыргызстандын келечеги ойлондурат»

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Бекболот бизге өзүн: “14 жашар жазуучу Бекболот Абдуллаев” деп тааныштырып, аңгемесин жибериптир. Аңгемесин окусам, чоң эле киши жазгандай. Ары карап, бери карап отуруп, сүрөтүн сурасам, WhatsApp аркылуу ушул сүрөтүн жиберди. Китеп чыгаргысы келерин айтып: “Аттиң, айылда болуп, көп нерсе кыла албай кой багып отурам да”, — дейт. Андан ары экөөбүздүн маегибиз уланды…

–  Бекболот,  сен  чын  эле  өзүңдү жазуучулардын  катарына  кошосуңбу?

– Ооба, мен мындан бир жыл мурун, 6-классты аяктаганда Базар-Коргон районунда жүрүп соц-тармактарга чыгармаларымды жарыялап, бирок жашымды жазган эмесмин. Элдин сынына алгачкы чыгармамды койгонмун. Ошондо чыгармама ар кыл сын-пикир айтылган. Жакшы да, жаман да. Көбү: “Сөз байлыгың жок экен”, – деп айтышкан. Алар мени чоң киши деп эсептешкенин, чыгармага карата жазылган талкуулардан улам билдим.

Кийин: «Биз сени чоң эле адам экен дегенбиз. Сен жаш бала турбайсыңбы», – деп таң калышкан. Ошондогу элдин сыны мага бир топ сабак болгон. Көптү үйрөтүшкөн. Азыр сөз байлыгым дурус. Айтайын деген темамды окурманга жеткире алам.

– Канча жашыңдан чыгарма жаза баштадың?

– Он бир жашымда ыр жаза баштагам. Аңгеме жазуу оюмда жок эле. Анан 6-класста окуп жатканыбызда ачык саат өтүлүп, анда сценка аткаруу керек болуп калды. Анан интернет баракчаларынан ылайыктуу чыгарма издеп жаттык. Бирок биздин темага ылайык таппадык. “Мен өзүм жазып көрсөмбү”, – десем туура көрүштү. Ошентип, жаздым, аткарып чыктык. Сценка мага жөнөкөйдөй эле сезилген. Же мааниси мыкты беле, же окуучуулар мыкты деңгээлде аткарганбы, айтор, көрүп отургандар кол чаап жиберишкен. Анан мугалимдер: «Кайдан алдыңар?» – деп калышты. “Өзүбүз ойлоп таптык”, – десек: «Эң мыкты ойлоп таапсыңар, 10 мүнөттүк чыгармага көп маңызды калтырыпсыңар. Эң мыкты», – деп калышты. Анан мен кубанып, ошону эле аңгеме кылып толуктап жазып, мугалимдерге бердим. Менин талантымы мектептегилер ошондо билишти. Андан бери мектепке тынбай ырларымды тартуулап келе жатам. Андан кийин соцтармактарга чыгарма жазганымда мени «жаш жазуучубуз» деп атай башташты.

– Ошентип, алгачкы чыгармаң эмне жөнүндө болуп калды?

– Алгачкы чыгармам «Тагдыр барактары» деп аталган. Ошол убакта мен жаштык кылып: «Окурмандарга кайгылуу чыгарма жагат» деп, өтө кайгылуу кылып коюпмун. Анын тарбиялык маанисине көңүл бурбапмын. А бирок окурмандар тарбиялык жактарын өздөрү таап алышыптыр. Кийин ойлоп көрсөм, адамга жакшылык коштогон чыгармаларды жазуу менен да тарбия берсе болот экен. Сөзсүз эле кайгы коштогон чыгарма эмес, жакшылыкты жазып да тарбия бере алса болорун түшүндүм.

– Туулган, жашаган, окуган жериң? ата-энең, бир туугандарың?

– Мен 2004-жылы 13-мартта Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Жай-Терек айылында туулганмын. Азыр Акмат Монокбаев атындагы орто мектепте окуп жатам. Атам – Калматов Мирлан, апам – Мирназ Россияда эмгектенип жатышат. Мен болсо чоң энем Калматова Мээринсанын колундамын. Үй-бүлөдө үч бир тууганмын. Ата-энемдин менден үмүтү чоң.

– Кандай шартта, кандай учурда, кантип жазасың же сага эргүү кантип келет?

– Мен элеттик бала болгондугума байланыштуу талаага кой, мал бакканы, отун алганы, дыйканчылык кылганы чыгам. Ошондо талаада жүрүп таза абада, чымчыктардын сайрашынын коштоосунда эргүү келип, ыр жазууну каалап калам. Айтор, жанымда калем, дептер болсо жаза каламын. Болбосо жок.

–  Сени  көп  ойлондурган  нерсе эмне?

– Мени Кыргызстандын келечеги ойлондурат. Кыргызстаныбыз бай мамлекеттердин катарына кошулуп калса деп кыялданам. Мен мекениме кантип салым кошом деп кыялданам. Менин оюмда, азыркы жаштарыбыз азыркы муундун жазуучуларынын чыгармаларын көп окушат. Бирок жазуучулар арасында жаман жакка үндөгөн чыгармалар да жазыла баштады. Ошол жазуучулар жакшы жакка үндөгөн чыгармадарды жазып, анан кино жаатында иштегендер ошол тарбия берүүчү чыгармаларды тартса деген ой ойлондурат. Кыргызстанда акын-жазуучулар анча эске алынбайт. Маселен, ырды ырдаган адамды жакшы көрүшүп, ал эми ырды жараткан адам көмүскөдө калат. Кинону жараткан адам эске алынбай, аны аткарган артистер эске алынат. Акын-жазуучуларды колдоо жок. Келечектин жазуучусу катары ушуларды ойлоном..

– Эмнеге кубанасың?

– Мен ушундай тынчтык күндө жашап жатканыма кубанамын. Ата-энем бар, алты саным аман экенине кубанам. Менин бир аз болсо да күтүп окуган окурмандарым бар экенине кубанам.

–  Келечекте  ким  болгуң  келет? Кыялдар, максаттар?

– Келечекте мен Айтматов атабыздай залкар жазуучу болгум келет.

One thought on “14 жашар жазуучу Бекболот АБДУЛЛАЕВ: «Мени Кыргызстандын келечеги ойлондурат»

  • Июль 9, 2018 at 6:59 пп
    Permalink

    Кудайым бизге бул баланы озу тартулаптыр. Эми ушул жаш жазуучуга жардам берели.

    Reply

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *