Түркияда поезд кырсыгынан 24 киши өлүп, 70тен ашыгы жаракат алды

 Түркияда Эдирне шаарынан Стамбулга бараткан поезд Текирдаг провинциясында кырсыкка учурады.

Маалыматтарга караганда, 24 киши мерт болуп, 70тен ашыгы жаракат алышты. Учурда кырсык болгон жерде тез жардам кызматынын 100 унаасы иштеп жатат. Андан тышкары ал жерге бир нече куткаруу тик учагы жөнөтүлгөн.

Текирдаг провинциясынын губернатору Мехмет Жейландын айтымында, кырсыкка аймактагы нөшөр жаандан улам темир жолго жер көчкүнүн түшүүсү себеп болгон.

Президент Эрдоган окуяга байланыштуу көңүл айтты.

Кырсыктан жабыркагандар аймакка жакын жайгашкан Чорлу шаарына алынып келинүүдө, шаар мэриясы жашоочуларды жабырлануучулар үчүн кан тапшырууга чакырды.