10-июлга карата аба ырайы

10-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Кыргыз тоо кыркаларында жана Алай өрөөнүнүн чыгыш тарабында бир аз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 18…23, күндүз 35…40;

Таласта түнкүсүн 15…20, күндүз 35…40;

Ош, Жалал-Абад, Баткенде түнкүсүн 20…25, күндүз 35…40;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;

Нарында түнкүсүн 10…15, күндүз 31…36 градус болот.

Бишкекте эртең жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 22…24, күндүз 38…40 градуска чейин ысыйт.