«Карасуу» базары өз ээлерине кайтарылды

Жогорку сот “Карасуу” базарын “Кыргыз соода биримдиги” жоопкерчилиги чектелген коомуна кайтарып берүү чечимин кабыл алуу менен, 14 жыл созулган мыйзамсыздыкка чекит койду.

“2008-жылдын 27-февралында Жогорку соттун соттук коллегиясы бир күндүн ичинде арызды өндүрүшкө алып, ишти карап, “Карасуу базары” ЖЧКнын бардык мүлктөрү “Карасуу эл базары” ЖЧКсына өткөрүлүп берилсин” деген мыйзамсыз токтом кабыл алып, “Кыргыз соода биримдиги” ак эмгеги менен тапкан каражатка сатып алган базарды бейтааныш адамдарга тартып берип койгон. Биз өз менчигибизди 14 жылдан бери кайтарып ала албай, соттошуп келдик. Эми гана соттор адилет чечим кабыл алды. Коомдо сот адилеттүүлүгү орной баштаганына кубанычтуубуз. Мыйзамдын үстөмдүгү орнойт деген президенттин сөздөрү турмуш чындыгына аша баштады”, — дейт “Кыргыз соода биримдиги” ЖЧКнын ээси Анарбай Эргешов.