Россияда мигранттарды каттоону катаалдаштырган мыйзам күчүнө кирди

Россияда эмгек мигранттарын каттоого алуу эрежелерин катаалдаштырган мыйзам күчүнө кирди. Аталган мыйзамга Россиянын президенти Владимир Путин 27-июнда кол койгон.

Ага ылайык, мындан ары өлкөгө иштегени барган мигранттар жашаган жеринде гана каттоого турушу керек болот. Мурда жумуш берүүчү мигранттарды ишкананын юридикалык дареги боюнча каттоого алып келсе, эми ага уруксат берилбейт.

Эксперттердин көбү жаңы талаптарды аткаруу дээрлик мүмкүн эмес экенин жана мигранттардын көбүнүн каттоосу мыйзамсыз бойдон каларын божомолдошууда. Мындан тышкары Россия полициясы мигранттарды депортация кылуу менен коркутуп, алардан кошумча акча алуу мүмкүндүгүнө ээ боло тургандыгы белгиленүүдө.