Кулматов тергөө аяктаганга чейин камакта калтырылды

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасын карап, тергөө аяктаганга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды. Мындай чечим бүгүн соттук отурумдун жүрүшүндө кабыл алынды.

2018-жылдын 18-майында К.Кулматовго КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү боюнча айып тагылып, эч жакка кетпөө жөнүндө баш коргоо чарасы каралган.

Эске салсак, Бажы кызматынын мурунку башчысы Кубанычбек Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *