Көк-Талаадагы мектеп качан бүтөт?

Баткен дубанынын Кадамжай районунун калкынын саны учурда 200 миңге чукулдап калды. Азыркы учурда балдарыбыз заманбап стандарттуу курулган мектептерде окушуп, компьютерлерди семичке чаккандай өздөштүрүшүп, цивилизациялык агымдан артта калгысы келишпейт.

Бирок  райондогу  сексенден  ашуун  мектептин көпчүлүгү эптеп элдик ашар ыкмасы менен курулуп, биринин спорттук залы жок болсо, экинчисинин чогулуш өткөрчү же башталгыч класстардын бал-дары тамактанчу жайы жок фактылары да бар. Марказ айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Талаа айылында үч миңден ашуун калк жашайт. Деги эле бул айыл өкмөттүн аймагында жогоруда белгиленгендей стандарттуу, типтүү мектеп имараттары курулган эмес. Айрым мектептерде кышкысын жылытуу, таза суу боюнча чечиле элек көйгөйлөр бар.

Көк-Талаа кыштагындагы Ош-Исфана унаа жолунун боюндагы мектептин имаратынын курулганына жарым кылымдан ашып кетти. Бир жолу мектепке барганыбызда кароолчусу да көрүнбөй, аянтчага өрүк жайып коюшуп-тур. Албетте, бул деле керек деңизчи! Андан мектептин айрым муктаждыктарын чечүүгө шарт түзүлүп калар. Бирок, бизди терең ойго салган бул калкы көп айылда башталган мектептин пайдубалы түптөлгөн бойдон калып кеткени болду.

Айыл башчы Жумабай Маматов мындай дейт: «Исламбек Кааров атындагы көчөдөгү жаңы мектептин имаратынын башталганына үч жылга чамалап калды. Жогорку Кеңештин депутаты Мурадил Мадеминов 2015-жылы пайдубалы башталарда ооз көптүрүп, имаратка мамлекеттен 3 миллион сом, өзүнүн жардамы менен дагы 2 миллион сом бөлүнгөнүн, буюрса, мектептин курулушу ошол жылдын 15-сентябрынан калбай толугу менен бүткөрүлүп, балдар стандарттуу мектепте окушуп, мугалимдердин маанайы жогоруларын баса белгилеген. Тилекке каршы, пайдуба-лы көтөрүлгөнү менен мектеп унутулуп калып кетти. Педагогдор менен окуучулар биз шайлаган парламенттеги эл өкүлүнө ишенбей калышты. Мүмкүн бул шайлоо кампаниясынын астында «кожо көрсүнгө» жасалган иш-чара болгондур. Бирок, депутаттын карапайым элеттиктерди алдап, жалган убада бериши бийликке болгон ишенимди басаңдатып коет экен.

«Кол ийрисине тартат» болуп, депутат Мурадил Ганыевич өз айылына бардык күчүн үрөп төрт мектептин имаратын курдуруп берди. Демек, логикалык жактан алганда, ал жалпы районубуздун эмес, Охна кыштагынын гана депутаты экен да».

Мындай пикирге Марказдагы маданият үйүнүн башчысы Динара Рахманова баштаган бир топ жергиликтүү тургундар да кошулушат. Азыркы учурда мектепте жаш педагог Бермет Матимарова директор болуп иштей баштады. Жалпысынан айылдагы Кудайкул Саттаров атындагы бул орто мектепте 570 бала окуйт. Имараттын эскилигинен жана тардыгынан улам маселе көп. Үстүбүздөгү жылы бул мектепти 41 улан-кыз бүтүрүп чыкты. Алардын билим деңгээли канчалык экенин жогорку окуу жайларына өтүшкөндө баамдайбыз. Элеттеги көйгөйлөрдүн айынан бул мектепке бир топ ыраактагы Маяк айылынын балдары да каттап окушат.

Президентибиз  Сооронбай  Жээнбеков  Жогорку Кеңештеги кайрылуусунда мамлекетибиздеги кадрларды даярдоо маселесине да зор басым жасады. Ал эми кадрлардын башаты, пайдубалы так ушундай мектептерде түптөлө баштайт эмеспи. Мындай алыскы аймактардагы өтө маанилүү маселеге ушундай ат үстүнөн кайдыгер мамиле жасап, унутта калтырып койсок, келечеги кандай болор экен? Аймактарды өнүктүрүү жылында мындай орчундуу көйгөйлөр чукулунан чечилүүгө тийиш. Биз ишеним көрсөтүп Жогорку Кеңешке шайлаган депутаттарыбыз, жергиликтүү башкаруу органдары, өкмөт уба-даларында турушуп Көк-Талаадагы мектепти бүткөрүүсү зарыл.

А.КАЙЫПОВ