11-июлга карата аба ырайы

11-июлда өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 10-14 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 20…25, күндүз 33…38,

Талас облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 32…37,

Ошто, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 20…25, күндүз 34…39,

Нарын облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32,

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын болбойт, күндүн экинчи жарымында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 21…23, күндүз 35…37 градус болот.